Пример HTML-страницы

КИМДЕ КҮНӨӨ ?

https://kyrgyzcha.site/?p=55360&preview=true Кызыктуу окуялар.

КИМДЕ КҮНӨӨ ?

 

Анипа эже жетимиштен ашканы менен чыйрак. Кылган эткени шайдоот, неберелерин жалгыз багып баарын бойго жеткирди. Улам бирин чоңойтсо, улам бирден келини төрөп алып келет. Беш-алты ай, же эми кырккы чыккан неберелерин кабагым-кашым дебей багып чоңойтту. Абышкасынан ажыраганына да отуз беш жылдай болуп калыптыр. Үч уул, үч кызды турмуштан тындырып, эми неберелерин багып, ушулар бутуна турсун деп тиргиликке баш оту менен кирип, өзүнө да карабаптыр. Отуз беш жылдан бери жалгыз бой балдарым деп жашап келет. Ысык суукта калып бүт тиштери жараксыз болуп, анын да азабын тарткан. Ушу балдарым кыздарым бутуна туруп алсын деп, кырк жашында оозуна бүдүр тиши жок кийме тиш кийди ( протез). Тиши жок жүргөндөн көрө жакшы эле болду деп кудуңдап жүргөн.

 

Мезгилдин өтүшү менен бала-чака баары чоңоюп кетишкен, неберелер да үйлөнүп, үйлүү жайлуу болуп дегендей. Анипа эже гана абышкасынын олутунда жалгыз калды. Баары шаарга кетишкен. Алмак салмак уул, келиндери кабар алып турушат. Кийинки күндөрү үч келини шыбыраша башташты.

 

-Э жеңе, тиги энем деген сүйлөсөң эле тиштене сүйлөп, киши жактырбай калыптыр эй?

 

— Койчу?

 

— Ооба жеңе. Мен бир жума жүрүп келдим го. Жүрөгүм кысылып кетти. Баргым да келбей калды уже.

 

-Опеей, неге антти экен. Бир нерсе деген жок белең деги?

 

-Жок ай. Эмне демекмин ага. Көтөрүнүп барып таштап келебиз, өзүбүз жеп ичпей, тиштенип сүйлөсө жиниң келет экен киши..

 

— Ааии…

 

Ошентип бери эки келини да ошентип барып келишти. Чын эле Анипа эже тиштенип сүйлөп калыптыр. Келиндери бул нерсени өздөрүнө алып барган, келгенди, балдарын жөнөтүүнү да токтотушту. Күйөөлөрү гана апасынан кабар алып коюшат. Кыздары келип карап атышат, алып кетели десе болбой койду » кой эми, күйөө баланын эшигинде эмне бар» деп. Бир күнү ооруп калганда чоң уулу үйүнө алып келип карады. Келини, неберелери кылыя карап, энесинин сөзүн аңдыйт. Анипа эже баарын сезип турат, бирок эмнеге экенине түшүнө албай бушайман. Ошентип эки күн өткөндө түнү тамагы кургап, оозу батташып ашканага чыкты да суудан кере жутуп «оох» деп отуруп калды. Эки жакты тыңшаса тынч баары уйкуда. Чоң чыныга суу куйду да, астынкы, үстүнкү кийме тишин салып койду. Балдар тургуча эрте менен алып алам деп ойлоду эле жарыктык.

 

Бирок эрте менен:-

 

-Тийбе, бул микроб- деген үндөн ойгонду.

 

Көрсө жетиде окуган небереси чынысы менен апасына көтөрүп барыптыр. Апасы (келини) ошого кыйкырып аткан экен.. Анипа эжеге жер көчкөндөй болду. Учуп туруп ашканага барды да, чыныдагы тишин алып, чоргого тосо чайкап, тишин оозуна салды. Тиш салынган чыныны жууп текчеге койсо келини,

 

:- Койбоң аны, ал ыргытылат эми — деди.

 

-Неге?

 

-Жөн эле, болбойт эми урунганга?

 

Анипа эже:

 

— Менден жийиркенип атасыңарбы? Менин жугуштуу оорум жок кызым?- деди да бөлмөсүнө жөнөдү.

 

Ашкананын оозунда турган уулу угуп билип, унчукпады.

 

-Мына көрдүңбү, сүйлөсөң эле ызырына, тиштене сүйлөйт..Сүйлөөгө мүмкүн эмес.. — деди келинчеги.

 

Ошентип баары жумушуна кеткенде, Анипа эже да айылына кетип калды. Келип баласы таппай калды. Телефонун да өчүрүптүр. Үйүнө барган Анипа эже толуп ташып ыйлап, оозундагы шагыраган тишин төрдү көздөй ыргытты. Күйөөсү эми өлгөндөй боздоп, мөгдөп жатты. Кошунасы өзүндөй жашында жесир калган абысыны болот. Ошол кирип келди, аны көрүп андан ыйлады. Ал ар жерде жаткан тишин чогултуп не деп сурашын билбей, кошо ыйлап отурат.. Оо не маалда, анан чечиле абысынына айтып берди берди.

 

-Айланайын Айжан, мен ушул балдарым деп, оозумдагы бүдүр тишиме карабай, бир көйнөк менен багып чоңойттум. Ушул кашайган тишке отуз жыл болду. Анда мен кырк жашта элем. Жашың өткөн сайын эттен качып, же сөөк ичкерип кете бекен, тишим шалактап чоң келип түшүп кетип атат. Сүйлөгөндө шагырап түшүп кетет, бала чаканын көңүлү айланбасын деп, абайлап тамак жейм, сүйлөгөндө да тиштенип атып араң сүйлөймүн. Бул өлүк катуу неме болот экен, кээде оозумду өйкөп, кыйналып калып атам..- деп болгон окуяны айтып ыйлады — неге менден качып калышты десе түшүндүм. Аай,иий, бирөөнүн баласы бала болгудай эмес, боорун бергидей эмес, өзү эле эмес, балдарыңдын деле жүзүн буруп койот экен. Балдарым деле салкын көз карашта. Эмнеге эле мынтет десе, көрсө менин ушул шалактаган тишимден, менден жийиркенип, ошентип, тиштенип сүйлөп, деп атышкан тура..Мен кургандын канча жашым калды дейсиң. Өлөөрүмдө тишиме деп балдарды түйшүккө салгым келбей, акчасын короткум келбей отурбаймбы күн санап — деп буркурады.

Абысыны аны сооротту да, эртеси тиш салган докдурга ээрчитип барды. Алар бат эле калпын алып, бир жумада бутуруп берди. Адам карыганда сөөк кичирейип, ичкерип кетет экен. Анипа эженин жаңы, эски тиштерин катар койсо даана билинет, канчалык экенин. Авысыны Айжан Анипа эженин эски тишин сактап койду да, Бишкекке балдар, кыздарына чогултуп колдоруна берди-

 

-Уят, уят.. Силерден муну күткөн эмес элем- деп болгон окуяны айтып берди.

Эх чиркин, күрүчтөй тиштери күүлүп, балдар деп чирип, өңү бозоргон эле апаңар, оозунун ичи толгон жара, эски тиши чоң келип өйкөп. Анан ошону билдирбей жүргөн апаңарга дагы нааразы болсоңор өзүңөр билгиле — деди да чоң апасы чыгып кетти.

 

Жолдо ойлоп баратат: —

 

Неге адамдар өзүбүздөн башканы ойлобойбуз, көрбөйбүз.. Замандабы, же пендедеби күнөө?????

 

Ооба,,бул тагдырды угуп мен жылдар ыйладым.. унутуп калбайын деп эски дептерге жазган экенмин, эми жаңыртып жазып койдум албетте пайдасы тиер деген үмүттө..,

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE