Пример HTML-страницы

Каракол шаарынын жана Бөрү-Баш айылынын тургундары 10 жылдан бери суунун айынан чатакташып келишет

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАк-Суу районунун Алтын-Арашан айыл аймагына караштуу Бөрү-Баш айылынын тургундары 100 гектар айыл чарба жерине сугат суусун жеткире албай, түшүм ала албай келишет.

Бөрү-Баш айылынын 50гө чукул тургуну сугат суунун жетпей жатышына Каракол шаарынын тургундарын айыпташууда.

«Бул жакта арыктарды мыйзамсыз жаап алышкан. Учурда айдап себүү иштери башталды. Ушуга чара көрүп, арык тазалоого жардам берүүнү өтүнүп, 2024-жылдын 15-мартында президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У.Далиевге, Каракол шаарынын вице-мэри Н.Турсунбековго, Ысык-Көл облустук суу ресурстарын башкаруу мекемесинин жетекчиси У.Баялиевге кат жибергенбиз. Бугүнкү күнгө чейин жооп жок. Бул жерде жашаган тургундар арыктарды жаап алышкан. Азыр тазаланбаса, жайында суусуз калабыз», — дейт Бөрү-Баш айылынын тургуну Марсел Асанбеков.

Каракол шаарынын Набережный жана Фадеев көчөсүнүн тургундары менен Бөрү-Баш айылынын тургундарынын ортосунда 10 жылдан бери арык маселеси боюнча пикир келишпестиктер уланып кетет.

«Каракол суусунан М-5 каналына суу бөлүнөт. Ошол суу биздин Арал деген талаага барат. Ал жакта 100 гектар дан эгиндери бар. Бул жерден 300 литр суу бөлүнсө, бул арык менен жеткиче 50 литр гана суу барат. Эгер суу көп келип, тургундардын үйүн каптаса, жаап салышат. Анткени бул жактагы тургундар арыкка таштанды төгүп, мончонун септигин ушул арыкка таштап салышкан. Алар арыкка кептелип тыгылат. Анан биз талаада суусу жок отурабыз. Суу сүргөнгө да мүмкүнчүлүк беришпейт. Анткени мыйзамсыз тосуп алышкан. Биз жылаңач арык менен сойлоп өтүп, таштанды тазалап суу сүрөбүз. Ушул маселени карап, тиешелүү органдарга тапшырма беришсе жакшы болмок», — дейт Бөрү-Баш айылынын тургуну Сабыржан Аляхунов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE