Пример HTML-страницы

Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенген 6 адам кармалды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 22-апрель күнү Жалал-Абад шаарында сойкулук менен алектенген 6 кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде Жалал-Абад ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 18-апрель күнү Жалал-Абад шаарынын аймагында Б. аттуу адам сойкулук менен алектенип, көмүскө жайларды уюштуруп жаткандыгы тууралуу маалымат алынган. Аталган факты боюнча Жалал-Абад ШИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен кылмыш иш козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында 22-апрель күнү кылмышка шектүү катары Жалал-Абад шаарынын Манас көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде көмүскө жайын уюштуруп, сойкулук менен алектенген 6 адам кармалды.

Алар:

— Жалал-Абад шаарынын 47 жаштагы тургуну М.Ч.

— Жалал-Абад шаарынын 29 жаштагы тургуну С. кызы Ж.

— Ош облусунун 37 жаштагы тургуну Р. кызы А.

— Ош облусунун 35 жаштагы тургуну К. кызы Н.

— Ош облусунун 32 жаштагы тургуну жаштагы К.Н.

— Чүй облусунун 38 жаштагы тургуну М.А. экени такталды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE