Пример HTML-страницы

Алар менен облус жетекчилиги жолугушту

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен облусунда тоок баккан фермерлердин кайрылуусу боюнча тиешелүү кызматтар текшерүү иштерин баштады. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка караганда, тоок фермалардын ээлеринин кайрылуусу боюнча жыйын өттү. Ага облустун Чек ара, Бажы, Салык кызматынын бардык райондорунун жетекчилери, тоок фермалардын ээлери катышты. Мамлекеттик чек ара кызматы учурда чек арада жумуртка аткезчилиги катталбаганы боюнча маалымат берсе, бажы кызматынын башчысы Баткен облусуна башка мамлекеттерден жумуртка импорт болбогонун тастыктады. Салык кызматы Баткен шаарында мыйзамсыз сатылган жумурткалар табылбаганын билдирди.

Тийиштүү мекемелердин жетекчилерине, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн жумурткасын сатуу маселеси боюнча жана мыйзамсыз кирип жатат делген жумурткаларды аныктоо боюнча тапшырма берилди. Салык кызматына ар бир ишкердин ишмердүүлүгүн мыйзамдаштыруу, Мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө жардам берүү керектиги айтылды.

Акыркы убакта Баткен облусунун аймагында тоок чарбаларынын саны үч эсе көбөйгөн. 2024-жылдын январь айына карата облуста 32 тоок фермасы иштеп жатат. Анда 70 миңге жакын тоок багылат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Баткенде тоок баккан фермелер өндүргөн жумурткаларын эч жака өткөрө албай, президенттен чет жактын жумурткаларын киргизбөөнү суранышкан.

Район аймагындагы 20дай ишкердин айтымында, жакында миллиондогон насыя менен баштаган бизнестери токтоп, карызга батып калышы мүмкүн. Президенттин ишкердикти колдоо, жумуш орундарын түзүүгө багытталган демилгеси менен Баткен облусунда акыркы 3-4 жылда тоок фермалары кенен жайылып, өздүк өндүрүш Баткен облусун гана эмес кошуна облустарга да сатыкка чыгып жаткан. Бирок акыркы 1 айдан бери Өзбекстандан кирген арзан баадагы жумурткалар, жеке ишкерлердин ишин токтотуп салды. Алды 40 миңге чейин тоок баккан фермерлер, күнүнө 30 миңден ашуун жумуртка өндүрүшөт. Алар азыр күн сайын сатыкка чыгарган жумурткаларын үйүндө кармап олтурууга аргасыз.

Фермерлерге жооп:

Ал эми облус жетекчилиги аткезчилик жол менен жумуртка алып кирүү фактылары аныкталган эместигин билдирген. Баткен шаардык салык кызматынын кечээ, 23-апрелде шаардагы дүкөндөргө жүргүзгөн текшерүүсүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз келген жумурткалар табылган жок.

Ал эми Өзбекстандан мыйзамдуу жол менен облуска импорт болуп кирген учурларга тыюу салуу мыйзамга ылайыксыз болот. Анткени эки мамлекеттин ортосундагы соода-сатык мамилелерин чыңдоо, кызматташуу боюнча макулдашууларды тастыктаган документтер бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE