Пример HTML-страницы

ТАЛКАЛАНГАН КЫЯЛ

https://kyrgyzcha.site/?p=55581&preview=true Кызыктуу окуялар.

ТАЛКАЛАНГАН КЫЯЛ

==============

– Апа, Касен байке келет экен!- деп кубанычы койнуна батпай сырттан чуркап келген Бермет апасына жадырай тигилди.

– Акырын, чоңойгонуңду билсең боло! Касен байкең келсе эмне кылайын?- деген апасы очоктун башында нан бышыруу менен алек. Кыздын жүзү томсоро түшсө да, карегинде жанган кубанычы өчкөн жок. Алып келген суусун ары коюп, кичине колдору эпилдей апасына жардамдаша кетти.

Касен – коңшусунун баласы. Өзүнөн 6 жаш улуу. Апаларынын айтымында, Касен байкеси аны кичине кезинен эле ыйласа көтөрүп, жонуна мингизип, өзгөчө жакшы көрчү экен. Кийин секелек кезинде чакаларын көтөрүшүп келип, кош өрүм чачынан аста тарта эркелете тиктеп койчу. Кыздын кичине жүрөгү ошол мээримге куса болуп жүргөн эле. Эми Касен байкеси мектепти бүтүп, чоң окууга тапшырып кеткенден бери биринчи жолу келиши.

Ошол кечте үйдө коноктордун камы менен алпурушкан кыз идиштерин жууп бүтүп, жата турган бөлмөсүнө бет ала бергенде өрүктүн түбүндө өзүн тиктеп жылмайып турган жигитти көрдү.

– Ой, сиз кайдан?

– Каникулга келдим бүгүн. Сууга барабы десем көрүнбөйсүң. Жанатан бери тиктеп турганымды да байкабадың.

Жакын келген жигиттен жагымдуу жыт урду. Кыздын назик денеси титиреп кетти.

– Оо, боюң да өсүп кетиптир. Карасаң, мага жетейин деп калыпсың,- деп бойлошо калган жигит кызды каруудан алды да, кучагына тарта берди. Карылуу жигиттин кучагына кантип киргенин, таттуу, жылуу эриндер жүзүн, эрдин аймалап жатканын элес-булас билет. Так ушул күндөн баштап Берметтин жүрөгүндө Касен деген ысым түбөлүккө орун алды. Сунала бой жеткен кызга көз арткандар да көп эле. Бирок анын жүрөгү жалгыз Касенге арналып, өмүрү күтүүгө айланган болчу. Кыялында мектепти бүтөрү менен борборго барып, Касендин жанында болмок. Бирок анын кыялы кыял боюнча гана кала берди.

Бермет ал күнү мектепти бүтүрүү кечесине даярданып, маанайы шат эле. Сырттан шашып кирген апасы алаканын шак чаап калды.

– Касен аял алып келе жатыптыр шаардан. Сайра жеңе “көшөгө-пөшөгө илиш” деп чакырып жатат. Тур, жардамдаша кал.

– Кандайча? Кантип? Касенби?- деп эриндери араң кыбыраган кыздын көздөрү бакырайып кетти. Апасы сыртка чыгып кеткенде буттары бүгүлө алы куруп баратканын сезди. Ыйлай албады. Эки ийини дирилдеп, көкүрөгүндөгү оордукту гана сезди. Бул жолу Касен аны баягы өрүктүн түбүнөн күтүп албады, ага арнап белек бербеди. Коңшу үйдө той шааниси өкүм сүрүп, тамдын аркы бетинде эле өрүк түбүндө бүк түшүп, дагы да болсо сүйүктүүсүн күтүп отурган кызды эч ким ойлогон жок.

 

 

СЕЗИМ САТКЫНЫ

 

Шаардын кыйма-чийме машиналарынан жүдөгөн Касен кыжырдана машинасынын рулун алаканы менен чаап калды. Кечке иштеп чарчаган жаны үйүнө барып, тынч эс алгысы келип турган. Үйүнүн босогосун аттай берип көнүмүш көрүнүшкө күбө болду. Чоң күзгүнүн алдында өзүнө суктана тигилип коюп, аялы боёнуп жаткан экен. Ашканага кирип, идиш жуулбай, тамак жасалбай турганын көргөн Касен жипкире түштү.

– Кечке үйдө отурдуң, тамак жасап койсоң болбойт беле?- деди ал үнүн болушунча токтоо чыгарып.

– Эмне, мен сага служанкамынбы? Кафеден тамак ичип келип жүр деп айттым эле го.

– Эй, көк мээ, аялдын милдети тамак жасоо экенин билбейсиңби?!- деген Касендин жини кайнап кетти.

– Кыйкырба мага! Папам болбосо кайда жүрөт элең, билесиңби? Папамдын аркасы менен кыйын болуп алып мага үн көтөргөндү ким коюптур сага?!

Мындан аркыга чыдай албады. Аялынын алдындагы столду тээп жибергенин, кантип колу шилтенгенин билбей калды. Аздан соң эшигин тарс жаап, машинасын айдап белгисиз тарапка багыт алды. “Эй, меники да жашообу? Же бала төрөп берип бакытка балкытпаса, же аял катары милдетин аткарбаса… Урдум ушул жашоону!” деп күбүрөнүп баратып алдында келе жаткан машинаны байкабай калган экен.

Жол кырсыгына кабылган Касен ооруканадан өзүнө келди. Көзүн ача албай жатып жүзүн назик сылап жаткан колдун жылуу илебин сезди. Мындай мээримдүү, кичине алакан бир гана адамда бар эле го? Касен көп жылдар бою өзүнө эмне жетпей жүргөнүн бүгүн түшүнүп, бүгүн мойнуна алды. Ал аялдык мээримге, сүйүүгө, үй-бүлөлүк бакытка куса болуп жүргөн турбайбы. Бул чындыктан жүрөгү кансырап, сезими ыйлап жатты.

– Касен байке, ойгонсоңуз, көзүңүздү ачсаңыз!- деген үн ага тааныш сезилди. Эптеп көзүн ачып, өзүнө тигилип ыйлап турган кызды көрдү. Жүрөгү булкуп кетти.

– Сен… сен Берметсиңби? Сен кайдан?

– Ушул жерде медсестра болуп иштейм, Касен байке. Оор абалда экениңизди көрүп көз жашым токтобой кетпедиби…

Эми Касендин да көзүнүн жашы каканактап кетти.

– Бермет, карындашым менин! Канча жыл болду көрүшпөгөнүбүзгө? Оо, 6 жылга чукулдап баратканбы дейм… Кандайсың анан?

– Жакшы, азыр сизге эс алуу керек!- деп палатадан чуркап чыкты кыз. Антпесе болбойт эле. Жүрөгүнүн кагышын угузбаганга аракет кылды.

Ушинтип жолугушту алар. Ошол күндөн баштап Касендин машинасы Бермет иштеген оорукананын алдында көпкө туруп калчу болду. Азыр да Берметти көрүп, алдынан утурлай чыкты.

– Болбодубу эми, мынча эмне кыйнайсыз? Келбеңиз деп айттым го.

– Үйүңө жеткирип коёюн дегем.

– Эми биздин жолдор бирикпей калды го, Касен байке…

– Антип айтпачы, сенин деле мени күтүп жатканыңды сезем.

– Туура айтасыз, ал чындык. Секелек кезден каныма, дилиме сиңип кетипсиз. Сизди унутуш үчүн эмне гана кылбадым. Аны эч нерсе, атүгүл мезгил дагы дарылай албады. Баарын билип туруп, сезип туруп мени мансапка, мансаптуу адамдын кызына айырбаштап кеттиңиз. Сиз сезим саткыны болдуңуз. Сиз… сиз!- туттугуп кеткен кыздын дирилдеген эриндерине тиктеп туруп Касен чыдабай кетти. Эки аттап жетип, бооруна кыса эриндеринен ысык өптү. Бермет колдору шалдая эркине көнүп берди.

– Мына, тозок кайрадан башталды. Эми мен кайрадан сиздин туткуну­ңузмун!- деди ал жаш аралаш күбүрөй.

– Жок, туткунум эмес­сиң. Сен менин бир үзүм үмүтүмсүң! Биз баарын башынан баштайбыз. Ишенчи мага, жашоодо жалгыз гана сен керек экенсиң.

Аздан соң Касен жоготкон бактысына көзү тойбой тоо тарапка айдап бара жатты. Экөөнүн тең жүзүнөн бакыт нуру төгүлөт. Кызык, адамга аз гана бакыт керек экенин учурунда байкабай колдон чыгарып жиберет турбайбызбы.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE