Пример HTML-страницы

Ошто эки окуучу кызды унаа сүзгөн учур видеого түшүп калды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында эки окуучу кызды унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 10-апрелде саат 15:00 чамасында болгон. Панфилов атындагы №23 орто мектебинин 8-классынын окуучулары — 2010-жылы туулган К.А. жана 2009-жылы туулган М.Д. Ош шаарынын 8-март көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөрдүн өтмөгүнөн өтүп бара жаткан учурда «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен окуучулар жабыркап, Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасына кайрылган.

Бул окуя маалыматтарды каттоо журналына катталып, текшерүү иштери башталган. Айдоочунун өздүгү аныкталып, бүгүн, 11-апрелде кармалып, унаасы айып короого токтотулду. Ал эми айдоочу — 1996-жылы туулган К.Н. Ош ШИИБ боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан тергөөгө камсыздалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE