Turmush — Талас районунда 22-апрель күнү сел каптаган айыл өкмөттөргө «Кыргыз Логистик Сервис» ЖЧКнын тоо-кен иштерине ылайыкталган япон өндүрүшүндөгү техникалары көмөк көрсөтүп жатат.
Компаниянын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн адиси Алтынбек Борукеедин айтымында, учурда Көк-Кашат айылында иштеп жатышат.
«22-апрель күнү район аймагына өзгөчө кырдаал киргенден баштап, бизге кат менен кайрылуу болгон. Ошонун негизинде 23-апрелде таңга маалдан баштап, тынымсыз иштеп жатабыз. 24 саат иш токтобой, техниканы башкаргандар кезек менен иштешип, канал казып жатышат. Учурда Көк-Кашат айылындагы ГЭС каналынын 3 км казуу иштери жүрүүдө. Бул канал тазаланса, айылга коопсуз болот. Анткени өйдө жактан келген суу, бул канал аркылуу келип, Талас дарыясына кошулуп кетет.
Мындан 2 жыл мурун Бекмолдо айыл аймагында дагы сел каптоо коркунучу жаралып, биздин техникалар тартылып, көмөк көрсөткөн. Бүгүнкү оор кырдаалда дагы көмөк көрсөтүүдө. Эл жерибизде тынчтык болсун, мындай апаатттардан алыс бололу», — деди ал.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, Көк-Кашат айылындагы ГЭС каналы 1975-жылы негизделип, буга чейин казуу иштери болгон эмес. Анткени бул запастагы канал болгон.
«Биз бул канал аркылуу суу келип, айылды каптайт деп ойлогон эмеспиз. Бул компанияга, техникаларына, күн-түн иштеп жаткан кызматкерлерине ыраазыбыз», — деди алар.
————————————————————
- Буга чейин Талас районунун аймагында селдин кесепеттерин жоюу үчүн район аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилген болчу.
Окуя тууралуу:
22-апрелде Талас районунда катуу жааган жаандан улам айылдарда кыян жүргөнү кабарланган.
Маалым болгондой, Талас шаардык №17 ӨКБга саат 18:57де Талас районунун Кең-Кол айылындагы Семетей көчөсүндө үйлөрдү сел суулары каптап жатат деген маалымат түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылган.
Ошондой эле, саат 17:50 чамасында Талас районунун Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылынын күн батыш тарабында талаадан түшкөн сел Талас—Тараз—Суусамыр автоунаа жолун каптаган. Жерине Талас району боюнча ӨКБнын башчысы Э.Курмарбаев жана 3 куткаруучу топ, айыл өкмөттүн кызматкерлери чыгышкан.
Саат 17:56 чамасында Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылынын ички көчөлөрүн талаадан түшкөн сел каптаган. Жерине Талас району боюнча №101 ӨКБнын башчысы Э.Курманбаев, 3 куткаруучу топ, айыл өкмөттүн кызматкерлери чыгышкан. Долоно айыл аймагынын Ак-Жар айылынын ички көчөлөрүн сел суулары каптаган.
ӨКМдин Талас облусундагы башкармалыгы селдин калдыктары тазаланып жатканын кабарлаган.
Маалыматка караганда, жалпы Талас облусунун Айтматов, Талас райондорунун 4 айылында сел жүргөн. Селдин кесепетинин 252 үйдү, короо-сарайды ички чарбалык унаа жолдорду суул каптаган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.