Пример HTML-страницы

Ошто катуу сел жеңил унааны агызып кетти. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын Алай-1 (Дача) тилкесинде сел жүрдү. Бул тууралуу жашоочулар билдирди.

Жергиликтүү тургун Гүлийпа Өмүралиеванын айтымында, бештен ашык үйдүн ички бөлмөлөрүнө чейин суу кирди.

«21-апрель күнү кечинде катуу жаан жаап, көчөлөрдү суу каптай баштады. Түнү менен суу көбөйүп, сел болуп, 20дан ашык үйдүн короосуна, анын ичинен 5тен ашык үйдүн ички бөлмөлөрүнө суу кирип, идиш-аяктарды агызып кетти. 22-апрель күнү эртең менен ӨКМдин кызматкерлери келип, тазалоо иштерин жүргүздү. Ош шаарынын мэри келип, тургундар менен сүйлөшүп, муктаж үйлөргө жардам көрсөтүлөрүн айтты. Кечээ кайрадан эле жаан жаап сел болуп, көчөлөрүбүз сууга толду», — деди тургун.

Тургундар тарткан видеодон сел жеңил унааны агызып бара жатканын көрүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE