Пример HTML-страницы

каардуу согуш күндөрүнүн элеси» иш-чарасы өттү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 24-апрелде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Улуу жеңишти утурлай Улуу Ата Мекендик согуштун эң трагедиялуу окуясы — Ленинград блокадасы жана анын курчоодон толук бошотулушунун 80 жылдыгына арналга «Ленинград блокадасы: каардуу согуш күндөрүнүн элеси» аттуу илимий- маданий иш-чара өткөрүлдү.

Кесиптик колледждин тил жана коомдук сабактар бирикмеси тарабынан уюштурулган иш-чара эки бөлүктөн туруп, биринчи бөлүгүндө илимий баяндамалар жасалды.

Ал эми маданий бөлүгүндө профессордук-окутуучулар тарабынан даярдалган видео ролик көрсөтүлүп, чыгармачыл, таланттуу студенттер тарабынан сахналык көрүнүш, жоокер бийи жана мекен тууралуу обондуу ырлар аткарылды.

Аталган саамалыктын соңунда келген конокторго куттуктоо үчүн сөз берилди. Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин ректору, профессор Абдилбает Мамасыдыков иш-чаранын максатына токтолуп, Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында немис аскерлери шаарды жок кылууну көздөп, Ленинград шаарын курчоого алып, Ленинград блокадасы башталганын, ал узакка созулуп, аталган блокадага кыргыздын эр азаматтары дагы кабылганын айтып, жаштарды аталардын эрдигин унутпоого чакырды.

Баяндамачыларга жана иш-чарага активдүү катышкан студенттерге грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE