Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Ичке-Суу чөлкөмүндө сел жүрдү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагындагы Ичке-Суу чөлкөмүндө катуу жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кечээ, 22-апрелде болжол менен саат 15:30 чамасында Кайыңды-Булак айылындагы кыядан тарта Байгөнчөк айылына чейинки аралыкта сел жүрүп, сел унаа жолду жана айдоо аянттарын каптап өткөн.

Баетов айыл өкмөтүнүн маалыматына караганда, райондук жол тейлөө мекемеси тарабынан жолду, арыктарды калыбына келтирүү иштери жүргүзүлгөн.

Айдоо жерлер зыянга учураган жок. Кайыңды-Булак, Байгөнчөк айылдарынын айыл башчыларына мындан кийинки абалды көзөмөлдөп, суунун деңгээлин байкап туруу тапшырылды.

Баетов айылынын түштүк тарабындагы негизги дамбага дагы көзөмөл жүргүзүлдү. Абал туруктуу.

Бүгүн, 23-апрелде дагы Баетов айыл аймагында жаан жаап жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE