Пример HTML-страницы

Мырза-Аке айылында 300дөн ашык үйдүн короосун суу каптады

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айыл аймагында селден кийин калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Руслан Талантбек уулу билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 23-апрелдеги катуу жааган жаандан кийин сел жүрүп, 333 үйдүн короосун суу каптады.

«23-апрелде нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен сел каналды жарып кеткен. Каналдан ашкан суу турак жайларды, социалдык объектилерди каптаган. Өзгөн районунун акими Каныбек Апбасов 23-апрель күнү айыл аймагына штаб мүчөлөрү менен келип, штабдын кеңешмесин өткөрүп кетти. Калыбына келтирүү иш-аракеттерине айыл өкмөттүн штабы, райондук штабдын өкүлдөрү, №30629 аскер бөлүктүн жоокерлери тартылды.

Жалпы 333 турак үйдүн короолоруна суу кирген. Район боюнча эң көп сел бизде болду. 120 турак үйдүн ичине чейин кирген. Кургагандан кийин канча үй жабыркаганын тактап, ӨКМге кат жөнөтөбүз. Тоо этектеринен түшкөн суулар үчүн арык бар, узундугу 5 чакырымды түзөт. Айыл өкмөттүн балансында турат. Негизи бул каналда суу деле турбай, сел келген учурда гана суу келет. Канал аркылуу үлүш жерлерге өтүү үчүн жергиликтүүлөр өз билемдик менен көпүрөлөрдү салып алышкан. Ошол көпүрөлөрдүн айынан суу ашып кеткен. Өз билемдик менен салынган, стандартка туура келбеген көпүрөлөр алынды. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат», — деди айыл өкмөт башчысы.

Turmush Мырза-Аке айылында сел суулары каналдардан ашып, үйлөрдүн жер төлөлөрүн, короолорун каптаганын жазган.

Жашоочулардын айтымында, Мырза-Аке айылында эки канал бар. Бири дренаждык канал болсо, экинчиси суугат суу каналы. Каналдар убагында тазаланбагандыктан сел суулары каналдан ашып, үйлөрдү каптады.

Тургундар түнү менен каналдарды тазалап, селдин нугун бурууга аракет кылышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE