Пример HTML-страницы

74 жаштагы Нышан Абдразаков жайы-кышы күнүгө 3 чакырым чуркайт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Алай районунун 74 жаштагы тургуну Нышан Абдразаков дайыма эртең менен 3 чакырым чуркоону адат кылып алган. Ал жаштарга спорт жаатында үлгү болуп келет.

Учурда Гүлчө айылындагы спорт мектебинде жеңил атлетика боюнча машыктыруучу болуп эмгектенүүдө.

«5-классымдан тарта чуркап баштагам. Ошодон бери жеңил атлетикага кызыгуум артып, спортко келгем. Ошол убакыттан бери спортту таштай элекмин. 40 жашымда СССРдин спорт чеберине талапкер болгом, спорттун беш түрү боюнча машыгып, кандидаттыкты толтургам. Азыркы убакытка чейин дайыма эртең менен чуркап турам. 3 км аралыкты чуркап, көнүгүүлөрдү жасап, кайра үйгө келип, жуунуп-таранып жумушка жөнөйм. Спорт мектебинде 2013-жылдан бери иштеп, көп спортчуларды мелдештерге алып чыгып келем.

Менде үч тайпа бар: орто, жаш, жогорку курактагы балдар-кыздарды машыктырам. Буга чейин мектепте дене тарбиячы мугалим болуп иштегем. Ал эми жалпысынан алып караганда окутуучу катары эмгек тажрыйбам 50 жылдан ашып калды десем болот.

Чуркоону эч калтырбай келем, бир күн да калтырган эмесмин. Конокко барып калсам дагы сөзсүз спорт кийимдеримди алып, эртең менен туруп чуркап, кайра келип отуруп калам. Эс алуу деген нерсе жок. Бир жумада жети күн бар болсо, ошонун бардык күнүндө чуркайм. Себеби 1-2 күн чуркабай койсом, булчуңдарым уюп, бир нерсе жетишпегендей боло берет. Таңкы саат 06:00дө туруп 08:00гө чейин чуркап, энергияга топтом, анан жумушка келем. Орозо учурунда дагы чуркап жүрдүм, эртең менен ооз бекитип коюп, бир аз эс алып, анан жумушка жөнөйм», — деди ал.

Машыктыруучу менен бирге иштешип, кесиптеш болуп калган окуучусу Нуртилек Сатыбалды уулу ал абдан эмгекчил адам экенин айтты.

«Агай боюнча айтсам, биз мектептен бери эле таанып жүрөбүз. Билбегендерибизди сурап, үйрөнүп турабыз. Өзүң издеп таап ал дебейт, жаныбызга келип, чогуу издешип, жардам берип турат. Нышан агайдын жашы 74төн ашып калса дагы бир күн да калтырбай чуркап турат, ден соолугуна аябай кам көрөт. Мен агайды тааныгандан бери ооруп калды же кан басымы көтөрүлдү дегенин уга элекмин.

Ноябрь айынын аяктары болуш керек. Биз жакта чоң сай бар, ошол сайга суукта агай менен чогуу түшкөнбүз. Агайдын чыйрактыгына таң калганбыз. Жаштар чыдабай суудан чыгып кетсек, агай дагы деле сууда чөмүлүп жаткан болот эле. Агай жай болсо жайында, кыш болсо кышында чуркайт. Кээде тамашалап, «Сиз 100гө чыгасыз агай, ошондо сиздин 100 жылдык мааракенизди өткөрөбүз» деп айтып калам. Нышан агайды башка агай менен салыштыра албайм, ага тең келер эч ким жок болуш керек», — деди Нуртилек Сатыбалды уулу.

Нышан Абдразаков тарбиялап жаткан окуучулар келечекте Кыргызстандын сыймыгы болуп, Олимпиада оюндарын жеңүүнү максат кылышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE