Пример HTML-страницы

Beeline Кыргызстан тармактын сапатын жакшыртууну улантууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushИшенимдүү уюлдук байланыш бардык жерде, эл көп болгон борбордон баштап алыскы айылдарга чейин суроо-талапка ээ. Бүткүл өлкө боюнча абоненттерге жакшы мүмкүнчүлүктөрдү берүү үчүн Beeline Кыргызстан уюлдук оператору өз тармагын модернизациялоо жана кеңейтүү боюнча активдүү иштерди улантууда.

Өткөн айда Beeline Кыргызстандагы эң ылдам 4G интернети үчүн байланыш тармагындагы дүйнөлүк лидер Ookla компаниясынын ардактуу сыйлыгын алган*. Бул жетишкендик байланыш инфраструктурасын тынымсыз өнүктүрүүнүн аркасында мүмкүн болду.

Beeline 2024-жылдын башынан бери Кыргызстан боюнча 40тан ашык базалык станцияларды ишке киргизди жана модернизациялады:

  • Бишкекте жана Чүй облусунда (Токмок шаарын кошо алганда);

  • Баткен облусунда (Ноогардан а., Алга а., Абдусамат а.);

  • Жалал-Абад облусунда (Кочкор-Ата ш., Көк-Жаңгак ш., Тоскоол а., Жыгач-Коргон а., Бургонду а., Базар-Коргон а., Эски-Масы а., Абдраимов а., Кызыл-Туу а., Багыш а., Атана а., Сары-Кашка а., Айры-Там а., Совет-Сай а.);

  • Нарын облусунда (Нарын ш., Ача-Кайыңды а., Актал а., Кара-Жыгач а., Казыбек а.);

  • Ош облусу (Ош ш., Кара-Таш а., Ишкаван а., Садырбай а., Маданият а., Беш-Мойнок а., Бел-Кыштак а., Кызыр-Абад а., Курбу-Таш а.).

Ошондой эле Талас жана Ысык-Көл облустарындагы базалык станциялардын камтуусун кеңейтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө.

Инфраструктураны өнүктүрүүгө туруктуу инвестициялардын жана тармактын кеңири камтылышынын аркасында Beeline абоненттери шаарларда да, алыскы райондордо да сапаттуу байланыштан пайдалана алышат. Алдыңкы технологияларды киргизүү жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетти камсыздоого жана заманбап санариптик кызматтарга жетүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.

«Биз туруктуу өнүгүүгө жана жакшыртууга умтулуу менен түйүндүн сапатын жакшыртуунун үстүндө иштөөнү улантуудабыз. Жакында эле уюлдук оператор Кыргызстандагы эң ылдам 4G интернети үчүн Ookla компаниясынан сыйлык алды. Алдыда жаңы жетишкендиктер турат, алардын аркасында Beeline байланыш кызматтары дагы жакшырып, ишенимдүүрөөк болот», — деп белгиледи Beeline Кыргызстан компаниясынын коммерциялык директору Александр Атаманов.

Beeline жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат!

* 2024-жылдын 1-кварталында Кыргызстанда жүктөө ылдамдыгы боюнча Speedtest Intelligence® маалыматтарынын Ookla® талдоосуна негизделген. Ookla® Товардык белгилери лицензия боюнча колдонулат жана уруксаттар менен кайра басылып чыгат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE