Пример HTML-страницы

Ак-Талаанын Баетов айылынын ички көчөлөрүнө 79 даана жол белгилери орнотулду

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылынын ички көчөлөрүнө 79 даана жол белгилери орнотулду.

Баетов айыл өкмөтүнүн адиси Мадина Мыдыкееванын айтымында, айылдын ички көчөлөрүнө жол белгилерин орнотууга жана керектүү курулуш материалдарын алууга айыл өкмөттүн бюджетинен 300 миң 120 сом бөлүнгөн.

Мамлекеттик сатып алуулар сынагынан жеке ишкер Айнура Асанбаева 262 миң 950 сомго утуп алып, керектүү материалдарын алып келип берген. Жол белгилерин орнотуу иштери айыл өкмөттүн турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлери тарабынан коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE