Пример HTML-страницы

ОшТУнун делегациясы Россиядагы экономикалык форумга катышып жатат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш технологиялык университетинин делегациясы Россиядагы XIV Евразия экономикалык форумуна катышууда. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Ректор Жанболот Турсунбаев жетектеген делегация курамында экономика жана башкаруу факультетинин деканы, э.и.д., профессор А.К.Атабеков, жашоо-тиричилик коопсуздугу кафедрасынын башчысы, э.и.к., профессор К.Ж.Жумабаев, информатика кафедрасынын профессору, т.и.к. У.Т.Аттокуров Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында жайгашкан Урал мамлекеттик экономикалык университетинде өтүп жаткан «Россия-Евразия-Мир. Интеграция-развитие-перспектива» аттуу XIV Евразия экономикалык жаштар форумунда катышып жатышат.

Аталган иш-чаранын жүрүүсүндө делегация курамы ректорлордун форумуна жана конференция, дискуссияларга, жолугушууларга, жаш илимпоздордун илимий эмгектеринин сынагына катышат жана эки тараптуу башка окуу жайлар менен кол коюу иш-чаралары өтөт.

Урал мамлекеттик экономикалык университети Россиядагы алдыңкы, заманбап, туруктуу өнүгүп жаткан илимий, билим берүү борборлорунун бири жана Ош технологиялык университетинин Россиядагы тыгыз кызматташып жаткан өнөктөш окуу жайлардан болуп саналат. Учурда эки окуу жай ортосунда академиялык мобилдүүлүк, илимий-изилдөө иштеринде тыгыз кызматташуу жүрүүдө.

Форумдун алкагында Ош технологиялык университетинин ректору Ж.Ж.Турсунбаев менен Казакстан Республикасындагы Костанай инженердик-экономикалык университетинин президенти М.Б.Юнусов жолугушуу өткөрдү жана эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюшту.

XIV Евразия экономикалык жаштар форуму 2024-жылдын 22-26-апрель күндөрү ишин улантат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE