Пример HTML-страницы

Ош облусунун жетекчилиги ДССУнун Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 15-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушуу өттү.

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев менен аталган уюмунун Кыргызстандагы өкүлү Ливиу Ведраско, уюмдун саламаттыкты сактоо саясаты боюнча кеңешчиси Аманда Шривайзды кабыл алды.

Жолугушууда облустагы жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруулар, климаттын өзгөрүшүнүн адамдарга тийгизген таасири, адам ресурсу, медицина тармагындагы санариптештирүү, кадрлардын жетишсиздиги, сергек жашоо образы сыяктуу саламаттыкты сактоо тармагындагы көйгөйлөр боюнча талкуу болду.

Жыйынтыгында мындан ары жогорудагы көйгөйлөрдү чечүү багытында 7 райондо 7 багыт боюнча 7 жылдык мөөнөттө ишке ашырылуучу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Эки кызматташууга даяр экендигин билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE