Пример HTML-страницы

Токмокко жакын жердеги көлмөдө өлгөн балыктар калкып калган. Түшүндүрмө беришти

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарына жакын жердеги көлмөдө өлгөн балыктарды браконьерлер таштап кеткен. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Балык чарба ассоциациясынын өкүлү Урмат Жумалиевдин айтымында, браконьерлер түндө электрдик кайырмак менен келишкен. Алар чоң балыктарды чогултуп, ал эми майда балыктарды таштап кетишкен.

«Бул көлмөгө агынды суулар куюлат. Жыл сайын электрдик кайырмак менен келген браконьерлерден кийин ушундай абал болот. Укук коргоо органдарына браконьерлерди таап, жазалоо боюнча расмий кайрылуу жолдонду. Иликтөөдөн кийин кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин күбөлөр Токмок шаарына жакын жердеги көлмөдө өлгөн балыктар калкып жатканын билдирген.

Алар балыктарды кимдир бирөөлөр атайын ууландырган болушу мүмкүн деп божомолдогон.

«Чоң балыктарын алып кетишиптир. Майдаларын калтырып салышкан. Бул көлмө Чүй районунун аймагында, Токмок шаарына жакын жерде жайгашкан», — деген алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE