Пример HTML-страницы

Барак эксклавы толугу менен Кыргызстанга көчүрүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushБарак эксклавынын тургундары Өзбекстан Республикасынын аймагынан көчүрүлүп келди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2024-жылдын 4-8-март күндөрү Ош шаарында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык жумушчу комиссияларынын жолугушуусу болуп, протоколго кол коюлган.

Жогорудагы протоколго ылайык, 2024-жылдын 15-апрелине чейин Өзбекстан Республикасы тарабынан инженердик-техникалык курулмаларын демонтаждоо, ал эми Кыргыз Республикасы тарабынан Барак айылынан өз жарандарын көчүрүп чыгаруу иштери жүргүзүлдү.

Барак эксклавынын тургундарын көчүрүп чыгуу жана аларга турак жай куруу үчүн жер участогун бөлүп берүү жана аларга инфраструктуралык шарттарды түзүү максатында Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 1-апрелинде №117 тескемеси кабыл алынган.

Тескеменин негизинде бүгүнкү күндө 97 турак жай, 8 социалдык объекти бузулуп, толугу менен Кыргызстандын аймагына көчүрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 58 кызматкер бөлүнүп, көчүрүү иштери жүрдү. Кара-Суу райондук электр тармактар ишканасы тарабынан 11 кызматкер жана 4 даана техника тартылып, электр мамычалары жана трансформаторлор толугу менен чыгарылды.

Көчүрүү иштерине жалпы 52 техника жана 155 жаран тартылды.

Барак айылында жалпы 97 турак жай жана 8 социалдык объекти катталган:

— мектеп (эки корпустан турат);

— бала бакча;

— коомдук мончо;

— ФАП;

— айылдык маданият үйү;

— мечит;

— таза суу менен камсыз кылуучу скважина (115 метрден артезиан суусун тереңдиктеги насос менен тарттырып берет);

— эки жеке менчик дүкөн.

«Социалдык объектилериден айылдык мечиттин имараты гана бузулган жок. 2024-жылдын 14-апрелине карата 97 турак жай жана 8 социалдык объекти бузулуп, толук алынып чыгарылды. Президент Садыр Жапаров тарабынан акча каражаты май айына чейин бөлүнүп, август айына чейин Барак айылынын тургундарынын турак жайлары бүткөрүлөт», — деп айтылат маалыматта.

Барак айылынын эли үчүн 101 турак үй курулуп, бойго жеткен 63 балага жер тилкелер берилет.

——————————————————-

Барак — Кыргызстандын эксклавы, Ош облусунун Кара-Суу районундагы айыл. Ала-Тоо айыл аймагынын (мурунку Ак-Таш айыл аймагы) курамына кирет. Толугу менен Өзбекстандын Анжиян облусунун Кургантепа району менен курчалат.

Административдик-аймактык реформанын алкагында Кашкар-Кыштак, Ак-Таш айыл аймактары биригип, Ала-Тоо айыл аймагы түзүлдү.

2022-жылдын 17-ноябрында Жогорку Кеңеште Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын айрым участоктору жөнүндө келишимди жана Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо маселеси талкууланган.

Жыйында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттардын суроолоруна жооп берген.

Депутат Алишер Козуев Ташиевден Кыргызстандын Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавы тууралуу сураган. Анын айтымында, айылда 300дөн ашуун түтүн, 1 миңден ашуун адам жашайт.

«Барак айылын алмаштык. 208 гектар жерди Өзбекстанга берип, Өзбекстандын Кара-Суу менен чектешкен суулуу, тегиз жеринен 208 гектар жерди алдык. Демаркациялоо иштери башталганда Барактагы жашоочуларды көчүрүп кетебиз. Мамлекет тарабынан компенсация берилет жана үй салып беребиз. Алыс жерге көчүрбөйбүз. Жакын эле жерге көчүшөт», — деген Ташиев.

Turmush 2024-жылдын 11-апрелинде Барак эксклавынын элин көчүрүү иштери башталып, 97 турак жай бузулганын жазган.

Барактын жашоочуларын Мөнөк айылынын жанындагы Анжиян-Маала аймагына жакын жерге көчүрүү пландалууда. Алар үйлөрү толук көчүрүлгөнгө чейин аталган аймакта болуп турушат.

Учурда Барак айылынын тургундары көчүрүлө турган жердин болжолдуу башкы планы түзүлдү. Башкы план кийинчерээк өзгөрүшү мүмкүн.

——————————————————-

Буга чейин «Баракелде» Министрлер кабинети президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Барак эксклавынын тургундарын Өзбекстандан алынган 208 гектар аянттагы жерлерге көчүрүүнү тапшырганын жазган.

Тиешелүү буйрукка 2024-жылдын 1-апрелинде Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Ошондой эле бузулган социалдык объектилерден жана жашоочулардын турак жайларынан курулуш материалдарын ташып чыгуунун графигин бекитүү жана жарандарды көчүрүү мезгилинде тамак-аш менен камсыздоого көмөк көрсөтүү тапшырылган.

Мамлекеттик курулуш агенттигине президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты менен биргеликте калктуу конуштун аймагын аныктоо жана 38 гектар жердин деталдык пландоо долбоору менен айкалыштырылган башкы планды иштеп чыгуу тапшырылды.

Ошондой эле агенттикке Барак айылындагы социалдык объектилердин тизмесин аныктап, 2025-жылдын курулуш планына киргизүү тапшырмасы берилди.

Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясына Барак эксклавынын тургундарынын турак жайларынын жана жер үлүштөрүнүн аянтын көрсөтүү менен тизмесин түзүү, Барак эксклавындагы бузулган социалдык объектилерден жана турак жай имараттарынан курулуш материалдарын алып чыгуу боюнча чараларды көрүү милдеттендирилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE