Пример HTML-страницы

УКМК кармаганда акчаны жерге ыргыткан милиционер. Иш эмне болду?

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖалал-Абад облусунун Ноокен районунда милиция кызматкери Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан кармалган. Анын иши сотто каралды.

Айыпталуучу Шермат (аты өзгөртүлдү, Э.Ш.К.) Кыргыз Республикасынын жараны, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, 1 баланын атасы, убактылуу иштебейт, мурда соттолгон эмес.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, Шермат Ноокен районунун ички иштер бөлүмүндө иштеп туруп, 2022-жылдын 8-декабрында жабырлануучу Адил (аты өзгөртүлдү, А.К.) баңгизат колдонуп жүргөнүн билип, «Коомго жарыялап, чара көрөм» деп алдап, андан акча талап кыла баштаган. 2022-жылдын 15-декабрында саат 16:00 чамасында жабырлануучуга Кочкор-Ата шаарынын Ленин менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөнгө акчаны таштап кетүүсүн айткан. Ошол эле күнү Адил дүкөндүн ээсине калтырып кеткен 20 000 сом акчаны алып кетип жаткан учурда Шермат УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган. Окуя болгон жерде Шермат кармоо учурунда жерге ыргытып жиберген 20 000 сом акча каражаты табылган.

Жалал-Абад шаардык сотунун 2023-жылдын 21-июлундагы токтому менен Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүгү (алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен олуттуу эмес өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу) боюнча айыпталган Шерматтын иши Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин (Кылмыш-жаза сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдайлар) 1-бөлүгүнүн 13-пунктунун (жабырлануучу жеке-ачык айыптоону колдоодон баш тартканда жана (же) ушул Кодекстин 58-главасына ылайык жана Кылмыш-жаза кодексинин 57-беренесинде каралган тартипте жабырлануучу айыпталуучу менен макулдашууга жетишкенде) негизинде өндүрүштөн кыскартылган. Ал кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулган.

20 000 сом акча каражаты өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин ээси Адилге кайтарылуусу көрсөтүлгөн.

Соттун аталган токтомуна карата айыпталуучу Шермат апелляциялык даттануу келтирген. Анда биринчи инстанциядагы соттук отурумда ал кылмыш иш боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна албаганын, бирок тараптардын жарашуу макулдашуу келишиминин негизинде иш кыскартылганын, соттук отурумга күбөлөр жана жабырлануучу чакырылбаганын, алардын көрсөтмөлөрү угулбаганын, иштин материалдары толук изилденбей бир тараптуу токтом кабыл алынганын, токтом менен макул эместигин, кылмыш иш боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна албай турганын, жабырлануучу менен жарашпаганын, тосмо арыз албаганын, өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөө үчүн жабырлануучу менен беттештирүүнү суранган. Ал жарашуу макулдашуу келишимине түшүнбөстөн кол коюп, ишти кыскартууну сураганын, ата-энеси кыргызчылык кылып, жабырлануучудан тосмо арыз алышканын, бул жөнүндө анын маалыматы болбогонун, ага карата далил жоктугун, жабырлануучу ар кандай көрсөтмө берип жатканын, андан акча каражатын талап кылбаганын көрсөтүп, Жалал-Абад шаардык сотунун 2023-жылдын 21-июлундагы токтомун жокко чыгарып, актоо өкүм кабыл алууну суранган.

Аталган токтом менен макул болбой, Жалал-Абад шаарынын прокурорунун жардамчысы Д.Т. апелляциялык сунуш келтирген. Анда кылмыш иштин жагдайын баяндап, айыпталуучу Шермат өзүнүн кыймыл-аракети менен Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө (опузалап пара алуу) каралган кылмыш ишин жасаганын, сот токтом кабыл алууда анын аракетин Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 1-бөлүгү менен негизсиз квалификациялаганын көрсөткөн. Анын айтымында, айыпталуучу РИИБде иштеп туруп, жабырлануучуга пара берүүгө мажбурлаган шартка коюп, опузалап акча талап кылган. Ошондой эле Шермат Кочкор-Ата шаардык милиция бөлүмүнүн жанында жабырлануучу менен жолугуп, пара алып жатканда кармалып калуудан коркуп, Кочкор-Ата шаарынын Ленин менен Гагарин көчөлөрүнүн кесилишиндеги дүкөнгө акчаны таштап кетүүсүн айткандыгын эске албастан, эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотуу менен жеңил жазаны колдонууну көздөгөн.

Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыш мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык кылмыштарга кирерин, анын күнөөсү өзүнүн берген көрсөтмөсү, жабырлануучунун арызы жана анын берген көрсөтмөсү, күбөлөр З.М., Д.А.нын көрсөтмөсү, атайын тергөө аракеттеринин жана Шерматты кармоо учурундагы видео жазуу, жабырлануучу менен айыпталуучунун ортосундагы сүйлөшүүсүнүн стенограммасы жана башка иштин ичиндеги материалдар менен толук далилденгенин көрсөткөн. Ал Жалал-Абад шаардык сотунун 2023-жылдын 21-июлундагы токтомун жокко чыгарып, кайра кароо үчүн ошол эле сотко жиберүүнү сураган.

Соттук отурумда айыпталуучу апелляциялык даттануусун колдоп, токтом мыйзамсыз жана негизсиз кабыл алынганын, анын күнөөсү далилденбегенин көрсөтүп, Жалал-Абад шаардык сотунун 2023-жылдын 21-июлундагы токтомун жокко чыгарып, кылмыш ишти кайра кароо үчүн ошол эле сотко жиберүүнү сурады.

Жыйынтыгында Жалал-Абад облустук сотунун 2023-жылдын 20-ноябрындагы аныктамасы менен Жалал-Абад шаардык сотунун 2023-жылдын 21-июлундагы токтому жокко чыгарылды. Кылмыш иши кайрадан башка курамда кароо үчүн Жалал-Абад шаардык сотуна жөнөтүлдү.

Аныктамага нааразы тарап Жогорку сотко кассация тартибинде даттанууга же сунуш келтирүүгө укуктуу.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE