Пример HTML-страницы

Жүрөк сыры…

https://kyrgyzcha.site/?p=55590&preview=true Кызыктуу окуялар.

Жүрөк сыры

===========

Мен да айылыбыздагы бир көңүл ооруткан окуяны айтып бергим келди.Айылда көп жыл айыл активисти болуп жүргөн Эсенаалы деген киши бар эле.Аялы Токтокан экөөнүн сегиз баласы бар.4 уул,4 кыз.Сыртынан караганда бактылуу үй-бүлө эле.Качан көрсөн Токтокан эже бир баласын же кызын ээрчитип базарга баратканын көрчүбуз.Улуу кызы Элмира эженин бир кызы ушулардын колунда эле.Мүнөзү шайыр,тагалары менен эркек балдардай болуп,топ талашып,велосипед талашып,кубалашып ойноп атканын көрүп эрксизден жылмайып алчубуз…

Эң улуу баласы Жекин үйлөнүп шаарда жашачу.Бир окуу жайда мугалим болуп иштечү.Андан кийинки эки уулу Аскар менен Арстан удаа үйлонүп эле кайра тез эле ажырашып кетишти.Неге экенин түшүнбөй эле калдык.Бирок, келиндер тың жакшы келиндер эле.Экөө тең кайра үйлөнүштү, эки жерге үй салып бөлүнүп,өз тирилигин өткөрүп калышты.Арстаны төрт балалуу болуп калган.Дыйканчылык кылып,машина алып жакшы жашап жатышты.Убакыт билинбей өтүп жатты.

Анан эле айылда Арстан үйүн сатыптыр деген сөз тарады.Көрсө улуу агасы Жекин кредит алып карыз болуп калыптыр,аны карызынан кутултуу үчүн Арстандардын үйүн сатышыптыр. Алар кайра ата-энесинин үйүнө көчүп келишти.Токтокан эже зыңкыйып,чоюлган аял болгону менен келинине жакшы мамиле жасабай үйдө болоор болбос нерсе үчүн да жаңжал чыгарып,акыры бир короодо жашашса да тамак -ашын бөлүп алышты.Ысыкта келини Назира чоңкызы менен уулун ээрчитип талаага пахта чапканы кетет.Үйүн саткандан кийин иштери жакшы жүрүшпөй,эптеп, өлбөстүн күнун өткөрүп калышкан.Арстан кечке бирөөлордүн машинасын оңдойт,бошой калганда,айылдан шаарга гире кыла коет.Кээде талаага барат.Жакшыраак түшүм алып калсак,үй алып алабызбы деген ойдо шалы да эгип алган.Кечинде бутун тарта албай чарчап келсе апасы «аялың суу ташыбай койду,тамак бышырбай койду»-деп келинин жамандайт.Ал деле талаада үй-бүлөнү багайын деп тырмалаңдап иштеп жүрбөйбү десе аны уккусу жок.Бара-бара Назиранын да тили чыгып,ал да күйөөсүнө атырыла турган болду. «Сенин бир тууганың бизди үйсүз калтырып,мени какшанган апаңын маңдайына алып келип койду.Сен былжырап апаңа да катуу айта албайсың» -деген сөздү күндө-күн алыс кайталай берчү болду. Барган сайын Арстан мурункудай жайдары болбой суз тартып кетти. Ата-энесинин коңшусунун үйү бош турчу,үй ээлери менен сүйлөшүп ошол жерге көчүп чыгып алышты.

Арстан күндөн-күнгө арыктап алсырап баратты.Уйунө келсе аялы,ата-энесине барса апасы кулак мээсин жейт.Кээ бир күндөрү апасы үйүнө жонөтпөй да коет.Назира ансайын жиндейт.» Атаңар келбесе апасыныкына көчүп кетсин»-деп күчүн балдарынан чыгарат.

Бул каргашалуу күнү да Арстан машинасы бузулуп,эч иш кыла албай продукта кылганга акчасы жок келатып, апасыныкына барган.Адаттагыдай эле апасы Назираны,балдарын жамандап,» сен ошолорду багам деп жүрөсүң,арыктап да кеттиң,сага нормалдуу тамак деле бербесе керек катының»- деп,баласынын мээсине куюп жатты.Арстан ал жерден тез эле чыгып кетти.Үйүнө барса Назира :»үйдө тамак жасаганга продукта ,ал тургай чай да жок.Сен аны ойлонбойсуң. Апаңыкына барып өзүңүн курсагыңы тойгузуп алып жүро бересиңби?Кичине ойлонсоң боло балдарды кантип тойгузам» -деп албууттанып кыйкырып ыйлап алды.Арстан аялына бүгүнкү ишинин жүрүшпөгөнүн айтайын деп сөз баштаса Назира аны угуп да койбоду.Арстан унчукпай отурду да,акыры Назиранын уу тилине чыдабай эшикти тарс жаап чыгып кетти.Назира да балдарына кайнак суу,кара нан,шылдыраган макарондон эптеп жасалган тамак менен балдарынын курсагын тойгузуп жатып алды.

Эртең менен чоң баласынын ачуу кыйкырыгынан чочуп ойгонуп,сыртка атып чыкты.Көргөн көзүнө ишене албай дендароо болуп,көздөрү тумандап не кылаар айласын таппай тушалып ,басууга дарманы калбай отуруп калды.Же үнү чыкпайт.Арстан эшигинин алдындагы тандырдын жанындагы бастырмага асылып туруптур.Баласы атасынын бутун кучактап боздоп кыйкырып жаткан эле.Назира өзүн колго алып,баласынын жанына барды да экөөлөп Арстандын мойнундагы жипти кыркып,таштай болуп катып калган жансыз денени үйүнө араң көтөрүп келишти да,жерге салынган төшөктүн үстүнө жаткырышты. Назира баласын кайната-кайненесин чакырууга жөнөттү.Үйүндогүлөрдүн бардыгы чуркап келип,Кайненси менен кайнежеси Назираны жулмалап жатып калышты.» Балаң экөөң Арстанды өлтүрүп,түнү менен нары-бери сүйрөп анан бизди чакырдыңарбы. Неге асынып алмак эле.ал асынбайт эле силер эле өлтүрдүңөр» -деп кыйкырып Назираны каргап да уруп да жатышты…

Ошентип маркумдун сөөгүн ата-энесинин үйүнө алып кетишти.Назираны киргизбей коюшту.Айыл ичи уу-дуу.Кээ бири Токтокан эженин кыздары менен ойлоп тапкан жомогуна ишенип,Назираны күүнөөлөп жатышса,көпчүлүгү «Жалган,кантип эле күйөөсүн өлтүрүп койсун…төрт баласы турбайбы…кемпир күүнөөлүү… ушулардын үйүн саттырган агасы да күнөөлүу.Эми Назира байкуш балдары менен кантет же үйү болбосо…» -деп Назираны аяп жатышты.Айыл аксакалдары айтып-деп,ортого түшүп Назираны алып келишти.Аны көргөндө кайненеси менен кайынсиңдилери да атырылып,уруп жиберейин дешкенде аялдар кармап калды.Айылдын аксакалы кирип:»Урушуңарды токтокула.Арстандын өлүмүнө көбүрөөк Токтокан сен күүнөөлүүсүң, Назиранын да күүнөөсү бар.Аны эми айтканда не?болоору болду.Жок дегенде наркы дүйнөгө тынчыраак узаталы.Келген элге деле уят эмеспи.Токтокан келинди тынч жайына кой»-деп катуу айттыда чыгып кетти.Баары унчукпай отуруп калышты.Назираны аяп,ага боор тарткан бир гана чоң кайынсиңдиси Айнура болду.Себеби экөө училищада чогуу окуп,агасы менен тааныштырып, өзү жеңе кылып алган болчу.Ал башка бир туугандарына караганда түшүнүктүу, ак-караны ажырата билген ,өзү дагы жакшы жерге түшүп,очор-бачар болуп калган.Ыйлап- сыктап маркумду акыркы сапарга узатышты.Назира алыскы райондон болгондуктан, төркүндөрү, кабар барбай, келбей калышты.Эл тараары менен дагы жаңжал башталды.Назираөздөрү жашап аткан үйүнө кетипкалды. Өлбөгөн жандын күнү өтө берет экен.Арстандын достору сүйлөшүп,ай сайын 30-40 сомдон чогултуп берип туралы,жаз келсе эптеп тириликтерин өткөрүп кетишет деп сүйлөшүштү. Үчүн өткөрүп жатканда Назиранын төркүндөрү келишти.Эл алдында унчугушпаганы менен эл тараганда ит айтпаган сөздөрдү айтып,кудагыйы менен да урушуп кетишти.

Эрте кыйылган омур.

Күндөр өтө берди.Арстандын кыркын да өткөрүштү.Бул күндөр аралыгында Назира аяштары чогултуп берген акча менен эптеп тирилигин өткөрүп,балдарын багып жатты.Бир да жолу кайнатасы же кайненеси өлгөндөн калган неберелерим кантип жатат деп кабар алып коюшпады.Арстандын достору,алардын аялдары кабар алышып,кээ бири ун берип,кээ бири нанын алып келип, тынымсыз кабар алып турушту.Арстандын кыркын өткөрүүгө да жардам беришти.Достору милдеттүүдөн бетер Токтокан эже «Рахмат,балдарым. Балам үчүн ушунча кызмат кылып жатасыңар» деп айтмак тургай,дурусураак кел дегенге да жарабады.Жаз да келип талаада чабык иштери башталып калган кезден баштап Назира 2 баласын ээрчитип ар кимдин чабыгын чабышып,эптеп кыймылдай баштады.Чоң кызы Алина 11-классты аяктап калганда,Назиранын Бишкекте жашаган эжеси » кызыңы жөнөт, тигүүчү кыздар керек .үйронүп иштеп калса сага жардам болот»- деп чакыртып алды.Улуу баласы Азамат да мектепти бүтүп бир жылдан бери бош эле жүргөн эле.Ал да мен Россияга барып иштеп келем деп оолугуп,апасына эптеп жолгиреге акча таптырып жөнөп кетти.Назира бир уул,бир кызы менен айылда калды.Кыз бала кантсе да энеге күйөт эмеспи,Алина тырбалаңдап иштеп жүрүп,тапкан акчасын апасына жөнөтөт.А Азамат болсо кеткен боюнча көп убакытка чейин дайынсыз жүрүп,бир күнү келип калды.»Уйдан жок же уй байлаган жиптен жок «дегендей эч нерседен жок болуп кайра карыз болуп келиптир.Эне байкуш кантсин балам жакшы эле иштеп келди демиш болуп,Алинанын жөнөткөн акчаларынан Азаматтын карызын төлөду.Өзү деле тынбай ысык кундөрдө да талаада кетмен чабат.Бул мезгилде Арстандын карындашынын Алина менен тең кызы бар эле.Аны айылыбыздын жогорку участкасынан бир бала ала качып кетет.Артынан куугунчулар барып,кызды отургузуп келишет.

Бир жумадан кийин күйөөгө тийген кыз күйөөсү менен уруша кетип келе бериптир.Кыздын апасы барып күйөө баласы менен да ,жаңы кудагыйы менен да урушуп,берген төшөнчүлөрүналып баса беришет.Уйунө келип атасынын үйүндө жүргөн Элмира эжесинин кызы Шайырды каргап шилеп урушат.Көрсө күйөө бала Шайырдын классташы экен.»сен классташыңа тапкансың,сен кылгансың» -деп күүнөөлөйт. Шайыр «эже мен алардын сүйлөшкөнүн да билген эмесмин.Классташым болсо эле мен тапкан боло беремби.Кызыңыз бир жылдан бери сүйлөшүп жүргөн экен.Эми жашай бербейби.Неге сиз «дагы аны жаша барганыңа бир жума боло электе келип алдың» дештин ордуна көрпө-төшөгүн алып келип алдыңыз» -десе ,»Сенин ошолор менен тилиң бир да ошолордун сөзүн сүйлөйсүң» -деп сиңдисинин сөзүн угуп да койбойт.Күнүгө келип алып бир сөзүн миң кайталап Шайырды күнөөлөгонүн койбойт.Элмира эже да убагында жакшы жерге түшкөн экен.Ушул кызы боюнда экенинде апасы күйөө баласын жактырбай жүрүп эле кызын ажыратып алган экен.Ошол боюнча Элмира эже да кайра турмушка чыкпай Шайырды эш тутуп ата-энеси менен чогуу жашап калыптыр.Шайыр акылдуу,атына жараша шайыр,сулуу кыз болчу.Ага ашык болгон жигиттер да көп эле.Турмушка чыгып,3 жыл жашап балалуу болбогондон кийин өзү баса берген.Күйөөсү артынан кайра-кайра келип жаткан.Тайэжесинин ачуу сөздөрү күнүгө кайталана берип жадай баштады.Ага кошумча болуп,тайенеси да Шайырды күнөөлөп каргап-шилеп урушат.»Озүң жамансың да күйөөң менен жашай бербейт белең,бул жерге келип ашка жүк,башка жүк болуп жүрөсүң,Аймираны да өзүңө окшотуп бактысыз кылайын деп атайын жасадың да»-деген сөздөрдү айтат.Шайырдын күнөөсү Аймираны алып качкан бала классташы болуп калганы эле.Ошол сөздү уккандан кийин магазинден уксус алып келип,аны пиалага куюп туруп бардыгын шарт жутуп жиберет.Ичи куйкаланып өрттөнүп бараткандай болуп,бир ачуу чыңырат да пытырап жыгылып калат.Тайэнеси, апасы не блолуп кеткенин түшунбөй чуркап келишсе оозунан көбүк куюлуп жандалбастап аткан эле.Машина таап больницага алып барышат.Үч күн ажал менен алышып жатып жан берди.Апасы Элмира эже өзүн-өзү койгулап ыйлап атып үнү да чыкпай,улам эсин жоготуп,акылынан адашкандай болуп калды.Шайырды алып келип,акыркы сапарга узатууга даярданайын дегенде кызмат кылганга эч ким жок,ошондо гана Назираны эстеп чакырышат.Элмира эже Назираны кучактап алып ыйлап,мен сени бекер каргаптырмын, каргышым өзүмө келди- деп боздоду.Назира да кек сактабай ушундай оор күнүндө табалабайын деп кызматын аябады.

Шайырды күнөөлөп аткан эжеси батага келип эле кайра кетип калды,Ал эжесинин акыбалын көрүп туруп ал жерде тура албады.Күндөр өтө берди.Баары өз тириликтери менен бллуп калышты.Бир гана Элмира эже кызынын күйүтүн көтөрө албай ооруп жатып калды.Аны да Назира иштен бошой калганда келип карап жатты.Ал эми Шайырдын өлүмүнө себепкер болгон Жамийла Аймирасын башка күйөөгө берди.Тойго даярданам деп ломбарддан акча алып аны убагында төлөй албай,атасынын үйүн коюп бир банктан,аны төлөйм деп,өздөрүнүн үйүн коюп дагы бир банктан кредит алат.Ал кредиттерин төгө албай кайнагасынын үйүнүн документин алып барып дагы ломбарддан акча алып,иши кылса карыздан башы чыкпай айылга батпай качып кетишти.Ал эми Арстандын үйүн саттырган агасы Бишкекте жүрүп,ал да жүрөк пристубунан көз жумду.Аны да ата-энесинин үйүнө алып келип коюшту.Балдарынын күйүтүнөн атасы да өтүп кетти.Токтокан эженин экинчи баласы да Бишкекте жашап жүрушчу.Анын аялы эмчегинен рак болуп келген экен,Мен оорулуу аялды үйүмө киргизбейм деп киргизбей койду.2-3 айда ал көз жумду.Бир чоң үй-бүлө ушинтип апасынын акмакчылыгынан 2 жылда көп жоготууга учурады.Мына быйыл эч качан өлбөчуудөй болуп жүргөн Токтокан эже да дүйнө салды.

Ал эми Назира ар кимдин үйүндө жашап жүрүп, кызын күйөөгө берип,баласын үйлөдү.Эптеп айыл өкмөттөн жер алып,үй салып алышты.Эми неберелүү болуп калды.3-баласы да Россияда иштеп,апасына жардам берип жүрөт.Назира өзү базарга чыгып,мурунку тарткан азаптары кичине унутулуп калгандай болду.

Урматтуу окурмандар, ушул окуядан кийин мен кудай бар,ар ким өз кылган күнөөсүнүн азабын тартаарына дагы бир жолу ишенип калдым.Эч качан бирөөгө жамандык кылбайлы.ӨЗ балдарынын бактысыздыгына, өлүмүнө кээде Токтокан эжедей акылсыз, ажаан энелер да күнөөлүү болуп калышат…

Аягы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE