Пример HTML-страницы

Ат-Башыдагы Ак-Жар айылынын эң алгачкы мугалими — Абдыракман Жаналы уулунун эскерүүсү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАт-Башы районунун Ак-Жар айылындагы алгачкы мектептин мугалими Абдыракман Жаналы уулу балдарга тамга үйрөтүп, чоңдордун кат сабатсыздыгын жоюуга көмөктөшкөн. Учурда анын небереси Зина Жаналиева чоң атасы иштеген Абдыракман Жаналы уулу атындагы мектепте кыргыз тили жана адабият сабагынын мугалими болуп эмгектенип келет. Ал чоң атасы тууралуу азыноолак айтып берди.

«Чоң атам Абдыракман Жаналы уулу 1893-жылы Ат-Башы районунун Ак-Жар айылында туулган.12 жашына чейин ата-энесинин тарбиясында болуп,13 жашынан баштап бай-манаптарга жалданып иштей баштаган. Өзүнүн эскерүү күндөлүгүндө мындайча эскерет: «Рахматулла деген өзбек байдын коюн кайтардым. Чоюбек, Осмон деген манаптын эгинин айдап, малай болдум. 1919-жылы Буудайчы Балбаев аттуу кишиде иштедим. Ушул Буудайчы менин билим алышыма, кат-сабаттуу болушума себепкер болду. 1919-жылы Ак-Жар мектеби ачылып, алгачкылардан болуп мен иштедим. 1919-1920-жылдары партияга мүчө болуп кирдим.1920-жылдан тартып КПССтин мүчөсү болдум.1920-жылы май айында Ташкенттеги 6 айлык мугалимдерди даярдоо курсуна барып, окуп келдим. Ошол убакта бала окута турган жай жок, бир манаптын үйүн алып, кийизге отургузуп окутканбыз. Жайдын күнү боз үйлөрдө окуттук. Көпчүлүк балдарын окууга берчү эмес, өзүлөрү да окучу эмес. Сооронбай деген бай: «Сен балдарды окутканың аз келгенсип, келин-уулду окутам дейсиң» деп, ур-токмокко алганы эсимде. Мына ошентип 1925-жылы өзүмдүн туулган жеримдеги Ак-Жар мектебине башчы болдум».

Чоң атамдын эскерүү дептерин окуп отуруп, аны Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим»чыгармасындагы Дүйшөнгө окшоштурам», — деди ал.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE