Пример HTML-страницы

ЖЕТИМДЕР 25 бөлүм

https://kyrgyzcha.site/?p=7259&preview=true Кызыктуу окуялар.

?ЖЕТИМДЕР   соңку бөлүм 

25- БӨЛҮМ

Нурлан дубалга жөлөнүп, өзүнөн көз албай, эч нерсеге түшүнбөй таңыркап карап турган Қанатбек менен Чолпонду көрүп, көз жашын
дагы бир сыйра сүртүп алып, аларга агалык мээрими менен жаркырай тиктеди. Жигит аларды дагы бир сыйра кучактап, эриген жүрөгү
менен сүйгүсү келди. Ал ошентти. «Мен силердин бир тууганыңармын». Бала менен кыз жүрөктөрүндөгү кубанычтарын жашыра алышпай күндөй күлүп, айдай жаркып турду. Нурлан атасынын сүрөтүн дагы бир жолу карап алып, балдар менен жетелешип эшикти көздөй
басты.
Эненин карааны жакын арада көрүнбөйт. Аялдын жанакы абалынан дале болсо тынчсызданган Нурлан машинанын ичинде Чолпонду
алдына алып, тамеки тартып, сабыры суз олтурду. Ата-энесинин караанын алыстан көргөн кыз «Атам келатат, тигине» деп кыйкырып жиберди. Нурландын жүрөгү көөдөнүн жарып чыгуучудай түрсүлдөдү. Чолпонду ордуна олтургузуп, машинадан суурулуп түштү. Ал таягын тоң жерге этият кадап, атанын алдынан утурлай басты. Жигит
менен Султанбектин ортосундагы аралык уламдан улам жакындап, магниттей тартылышып баратты.
А-та-а! — Нурлан биринчи үн чыгарды. — өлгөн жанды тирилткен ата, алсызды асыраган ата. Мени да өз каныңыздай, өз балаңыздай кабыл алар бекенсиз?!
Нурлан эки колун бооруна алып токтой калды. Султанбек калтаңдар, эмне айтарын билбей адегенде эле ыйлап жиберди. Бир заматта жигит менен атанын колдору бири-бирине айкалыша түштү…
Дасторкон үстүндө Султанбек жигитти сынай тиктейт. Қымырынып-кымтынбай, өз үйүндө, өз атасынын төрүндө олтургансып, жыргап-куунап, ээн-эркин чечиле сүйлөп олтурган Нурланды байкап алданемеден көңүлү тынгансып терисине батпайт.
— Ата! Келиниңиз менен небереңиз шаарда калды эле…
Э катыгүн кудай, чогуу эмнеге келген жоксуңар?
Мен силерди табамбы-таппаймбы деп ойлодум. Тапкан күндө да ата-эне менен өз алдымча, эч кимди аралаштырбай туруп көрүшүүнү ылайык таптым. Анын үстүнө суукта жаш бала менен жол жүрүш кыйын экен. Алар бул эле Пржевальскиде, милициянын начальнигинин үйүндө калышты. Сыдык Исмаилов деп уккан жок белеңиз. Өзүңүз окшоп эл арасында сейрек кездеше турган алтындай болгон киши. Менин адам болушума алгачкы чыйырды салган ошол. Сиз энем экөөңүздөр руксат этсеңиздер, шофер барып аларды да кошо ала келсин. Антпесе, ата-энесине өздөрү эле кетип калышты деп капа болушар. Жакшы адамдардын бири-бири менен таанышканы жаман болбос дейм, атаке!..
— Жакшы болот, келсин-келсин балам. Каалаган кишилериң болсо бизден жазганбай чакыра бер чырагым… Чайдан кийин шофер
шаарга жөнөп кетти.
Султанбек менен Нурлан бири-бирин өз ичтеринде жактырып олтурушту. Уюткулуу бул үйдүн абасы жигиттин көңүлүн көтөрүп гана тим болбостон, ал өзүн ушул үйдөн өнүп-өскөндөй сезди.
Нурлан Султанбектерди кандай жол менен тапканын сүйлөп олтурду. Ал мурда Толкунду Ракат деген карындашына окшотконун айтты. — Бирок, кызыңар жүз үйүргөн жок. Сыр билгизбей чекмелеп көрдүм. Анын эсинде биз жөнүндө, ал эмес өлгөн энеси жөнүндө эч нерсе калган эмес экен, — деди Нурлан.
Эне бул сөзгө көз жашын шыпырып күлүмсүрөгөн болду.
— Олда көлөкөм ай, асыранды кызмын деп кайдан ойлосун.
Э-э-й байбиче, куданын мунусуна да каниет кылыш керек.
Дайны жок, асыя ыйдан эмне чыгат. Мындан артык кубаныч болобу.
Минтип кызыңдын үстүнө уулдуу болуп олтурабыз. Мындай бакыт көрүнгөн кишиге эле келип коно бербейт.
Атаке, айланайын энеке, айттым го силерге, ичер суум, көрөр күнүм бүткөнчө ар дайым силердин кызматыңардамын. Эх, эмне деген жоомарт адамсыңар. Кыскасы, тетигил өзүңүздөр сактап жүргөн атам Чокону, өз колуңар менен ак кепиндеп аруу жууп көмгөн энем Шайымкүлдү кандай көрсөм силерди да ошондой көрө тургандыгыма
ишенип коюңуздар. А Токуш жөнүндө айткым да келбейт. Ал силердин өз кызыңар. Меники деп ээ болууга эч кимибиздин акыбыз жок.
Силерден суранарым да, өтүнөрүм да, Толкун кызыңарды кандай көрсөңөр, мени да ошондой көрүп, ата ордуна ата, эне ордуна эне, таянарга тоо, конорума туур болуп бергиле. Көңүлүңүздөрдү калтырып, жүрөгүңүздөрдү оорутпаймын го деген ниетим бар.
Атанын жүзү албырды. Нурландын адамкерчилигине, арзан менен кымбатты ажырата билген эсине ата толук ыраазы болгондой кебетеси бар.
Султанбек бир топко ойлуу жер тиктеп олтуруп башын көтөрдү.
— Ээ балам ай, бул дүйнөдө кемчиликсиз, зымга тарткандай эч ким жаралбайт тура. Ошон үчүн адам экенбиз да. Энең экөөбүз Толкундан бул сырды өлгөнчө жашырып келдик. Силер жөнүндө эчтеке
айткан жокпуз. Секет кетейин сексегим ай… — Ата жашып, каргылданып барып токтоду. — Асыранды кыз экенин билбей бойго жетти эле.
Мейли, атасынын көрү, ал жаман кучкачым бир аздан кийин атасы Султанбектин, энеси Зайракандын, ал аз болсо Чоко менен Шайымкүлдүн өлгөнүн чогуу угуп жатсын.
Бирок, мен кызыма чындыкты айтпаганымдын да себеби болуп калды. Эгер эжеси менен сенин бар экениңди билген болсо Толкун сары санаа, сары убайымда жүрүп куурабайт беле. Анда эки жүздүүлүктү да, арамзалыкты да, кекчилдикти да ушул өз үйүмдөн, өз колумдан үйрөнүп чыгат болучу. Бул бир де, балам. Экинчиси болсо,
өзүң жөнүндөгү олку-солкулуктар. Нурлан ким болуп өстү? Ушул суроо ушул күнгө жүрөгүмдүн башында жүрдү. Адамдар ата-бабадан бери жакшы-жаман болуп, эки жагдайга бөлүнүп келе жатат балам. Кокустан ошол көп жамандын бир жаманы болуп көзүмө көрүнүшүңдү, кызыма ээ чыгып, ага болушуңду каалаган жокмун. Жан бакты, жаман чыксаң карындаш издебесиңди да билдим. Кокустан эл арытып, журт карыткан эстүү-баштуу, акылдуу жигит болуп чыкса Толкунду эсинен чыгара койбогондур деп ой жооруп да жүрдүм.
Эртедир-кечтир келериңди билдим. Тигил Чоконун сүрөтүн энең менен атан бекер жеринен сактап жүрдү дейсиңби балам.
— Сиз, энем экөөңүздөр адамдын адамы
иштей албай турган зор ишти иштедиңер. Мен сиздерге ыраазымын, ата. Ак пейлиңизге
акарат келтирбәә бирибиз эмес, баарыбыздын милдет. Мен аларды ошого чагырам, ошондой болууга үйрөтөм…
Эшик алдына машина келип токтогондой болду. Үйдөгүлөр тышты көздөй жүгүрүштү. Қанатбек Ырысбекти көтөрүп алдыга
кирди.
Нурландын келинчеги адегенде эле колундагы салмактуу чоң кара чемоданды таштап жиберип «Атакебай, энеке!» деп тигилерди көз-
дөй далбас урду.
— Биздин да ата-энебиз болот экен ээ кудай! — Келин көргөн көзүнө ишенбегендей Султанбек менен Зайраканды алмак-салмак кучактап, эки ийни солкулдай берди. Нурлан ата-энеге адегенде Сыдык менен анын аялын тааныштырды. Келинчегинин атын айтты.
Бул бечара келин да балдар үйүндө бир кезде Нурлан менен чогуу тарбияланган ата-энесиз жетим кыз экен. Исмаилов болсо Султанбек менен эзелден берки эски тааныштардан бетер кучакташып көрүштү.
— Мындан артык да кубаныч болобу, Сыдык байке. Ата-энемди таптым, инилүү, карындаштуу болдум. Бүгүнкү күн мен үчүн шаттык
менен бакытка мелт-калт толгон унутулгус күн болду. — Нурлан келгендерге жадырай тиктеди. — Камдаган сүйүнчүңөр бардыр?
— — Бар, бар, Нуке, каалаганың «болсун айланайын. — Келгендер дүүлдөй түшүштү. Ал эми Нурландын келинчеги болсо олтургандардын арасынан кимдир бирөөнү таппай жаткансып, үй ичиндегилерге тегерете карады. «Қызыбыз кайда, Токуш бул жерде жокпу?» деп
жаткандай болду.
Айнур ата-энеге арнаган белек-бечкектерин алып чыгып алардын алдына коё баштады.
Бул кезде байкуш Зайракандын эси-дарты белекте эмес, Толкунда болуп турду. «Сени биз багып алганбыз» — Ушунтип айтамбы?
Жок, жок, ушул да сөзбү. Мындан башкачалатып, жумшартып айтууга болбос бекен?» Сен биздин багып алган асыранды кызыбыз элең»-
деймби. Кызына бул жагымсыз, ырайымы жок суук сөздү айтуу, өлгөн адамды угузуудан да жаман болду. Зайракандын денн өлүп, шалдырап олтурду. Меймандар көзүнө жагымсыз көрүндү. Нурлан
Зайраканга көйнөк, чалан эмес, каптап алтын алып келип үйүнө тирелтип жыйып койсо да татыр эмес. Энеге кызынан башка дүнүйөнүн эмне кереги бар эле…
Тышка кулак түрүп, сак олтурган эне төмөнкү айылдын иттери ызы-чуу түшүп калганын угуп, эшикти көздөй жыла басып жөнөдү.
«Болду болбоду ушул келаткан Толкун менен Қамчыбек» деп ойлоду.
Асман чайыттай ачык. Түнкү суук чык-чык этет. Зайракан чанага чегилген аттын каңыртын алыстан угуп, ортоңку көчөнү көздөй
чуркап баратты. Үстүн ак бубак басып, таноолору дердендеген көк чолок үйдү көргөндө эки аягын тең таштап желе-жорто ылдам келаткан болучу. Зайракан чананы жандай түшүп, атты суулуктан алды.
– Аман-эсен келдиңерби? Эмнеге мынча кечиктиңер?
— Ох, энем тура. Коркуп кеткенимчи. Барып келгенибизче эле
ушул убак болду. — Толкун сөзүн оозу бош айтып бир аз токтой калып кайра энесине жагалдана тиктеди.
— Энеке! Чындыкты айтсам
урушпайсызбы? — Кубанычын жашыра албаган кыз чананын чекесине тура калып энесинин мойнунан орой кучактады.
Урушуп жүрчү белем.
Ошентсе да… Сизге салам айтты.
Саламат болсун. Ким?
Абастын апасы. Шаарга барыптыр. Биз менен чогуу келди.
Үйүнө жеткирип койдук. Ошон үчүн бир аз кечигип калдык, энеке.
Атама Зынданга барыптыр деп айтпай эле коюңуз ээ.
Оорусунан жакшы болуп кетиптирби. Байкушту ырас кылыптырсыңар жеткирип. А-а акылы жок, андайды атаңа айтып жинди белем. Баласынан кат келип жатыптырбы?
Кечээ эле кат келиптир. Билесизби энеке, Абас жакында отпускага келет экен. Госпиталдан жакында чыгам дептир. — Толкундун көзүнө энесинин үнү буулуп, көңүлү эмне үчүндүр жайында эместей, бүткүл денеси титиреп тургандай туюлду.
-Эмне болду Сизге? Оорул
турасызбы? Эмнеге мынчалык жеңил жүрөсүз?
— То-о-л-кун! Карал-дым… Зайракан ыйлап жиберди. Қыз коркконунан чанадан ыргып түштү. Ал энесин кучактай калды,
— Энекебай! Сизге эмне болду?
Сүйүнчү балам! — Эне эчкирип жиберди.
Болсун. Ал кандай сүйүнчү?
Энесинин оюна түшүнбөгөн кыз мостоё түштү.
— Қызык. Сүйүнчү деп коюп кайра ыйлаган эмнеңиз. — Зайракандын ачык турган жакасын кымтылап, жоолугун ондоп байлады.
Үшүл да кетиптирсиз. Деги суук тийбесе экен. Олтуруңуз эми кетели.
Кыз чанага олтурмакчы болду. Зайракан аны жеңден тартты…
— Шашпай коё турчу балам. Энең жерге кирсин, суук өтүп өлүп кетер күнүм кайда ылайым. Шордоп турганымды биле элексиң кулунум. Сен мени кечир. Атаң экөөбүз чындыкты жашырып келгенбиз.
Се-е-н… Се-е… с-е-е-н… Сен биздин асыранды кызыбыз элең…
— А-ай, э-не-ке! — Толкун үнүнүн бардыгынча кыйкырып барып Зайраканды эки каруудан кучактай кармап силкилдетти.
– Калп. Калп айтпа. Сен эмне деп дөөрүп жатасың? Чыныңбы же ойнуңбу?..
Жок, ишенбейм, калп айтып жатасың.
Калп айтып тамаша кылчу сөзбү ушул. Чындыкты…
Сүйүнчүлөгөн сөзүң ушулбу?
«Капка шибеге катылбачу неме тура» балам. Кенедейинден куштай бөпөлөп, кош алаканыма салып жан адамга билгизбей, жакыныма сыр айтпай, койнума катып, мойнума көтөрүп жүрүп баксам да акыры өгөйлүгүм билинди. Кантсе деп турасың мени каралдым.
Нурлан агаң ат арытып алыстан издеп келиптир бизди.
Нурлан! Нурлан издеп келиптирби?
Ооба. Нурлан.
Энекебай, сиз жөөлүп жаткан жоксузбу? — Қыз олтурган жеринде эки алаканы менен карды таканчыктап турган калыбында Зайракандан
көз албай жарым эс тиктеди.
— Қантет, тур өөдө. Сенин күйүтүндөн менин күйүтүм жеңил деп турасыңбы жылдызым.
— Жок, жок, мен үйгө барбайм, кечирип коюңуз энеке. Мен ал Нурлан деген кишини Фрунзеде прокуратурага барганда көргөм.
Силер эмне, бирөө келип бир тууганым десе эле ишенип калдыңарбы?
Сиз кызыңызды он ай көтөрүп, омурткаңыз сыздал тууганыңыз жалган беле. — Толкун сөздү акыл токтотпой сүйлөп жатты. Ал азыр
Абастан биротоло күдөрү үзүлүп турду. Султанбектин асыранды кызы болгондугу үчүн өзүнөн айнуучудай ойлоду. — Олда жасаган
ай, эл-журтка эмне деп айтабыз. Кантип мен өзүмдү Султанбектин өгөй кызымын деп көчөдө уялбай басам. Теңтуштарыма эмне дейм.
Қыз жоошуй түшүп, кайра чыңырды.
— Ой, ой, андай болууга эч ка-
чан мүмкүн эмес… Өз ата, өз энемди кантип танам, кантип силерди өгөй деп башкага сатам?..
Булардын жанына антаңдай басып Султанбек жетип келди.
Қыз атасын көрүп ордунан учуп турду.
– А-та-ке!
– Секет кетейин королум! Атакең айланып кетсин сенден. — Мууну титиреп, үнү дирилдеген ата кызынын чекесинен сүйүп, башын
бооруна кысып, жоолугунун сыртынан төбөсүн жыттады. — Жүрү, үйгө меймандар келди, алар менен учураш балам.
— Айланайын атаке, Сиз айтыңызчы жашырбай чын эле мен силердин бакма кызыңар белем?
Султанбектин добушу каргылданып, сөзү мукактана түштү.
— Ким айтат ошону?..
Баятан тынч алып олтура албай алеп-желеп болуп бир тышка чыгып, бир үйгө кирип кайра-кайра тамеки тартып Нурлан ойлуу.
Көчөдө болуп жаткан «жаңжалдын» чет-бучкагын үйдөгүлөргө көңүлсүз айтып кирди. — Қыз чатак кылып жатат окшойт. — Тамекисинин
калдыгын плитанын оозун ачып күйүп жаткан оттун жалынын көздөй ыргытты. — Бирөөнү сүйүнтүп, бирөөнү күйүнткөн дүнүйө ай.
Кызын ата-эне үйгө күч менен алып кирди.
Нурлан Толкунду, Султанбек менен Зайраканды көздөй умтулду.
Үйдөгүлөр дүрдүгө түштү.
— Толкун! Көлөкөм. — Ал алтын тиштерин жаркырата күлүп, ак маңдайы жарылып, кубанычка жүрөгү мелт-калт болуп толуп турса
да, ачык туруп жааган жайкы күндөй көз жашы салаа-салаа болуп өзүнөн өзү куюлун жатты. Нурлан карындашы менен ыйлабай туруп
көрүшөйүн деп өзүн катуу бекитип турган. Бирок… — Жылдызым, уялашым, акыры сен экөөбүз бир тууган болуп чыктык го. Же сен дагы эле мага ишенбей турасыңбы? Бүгүн менин жүрөгүм кубанычтан кабына батпай, көөдөнүмө сыйбай жарылганы турат Толкунтай.
Мен ата-энемди, бир туугандарымды, сени таптым. Мындан чоң бакыттын мага кереги эмне. Кана эми, ата-эненин алдында көрүшүп койсок кантет?
Толкун эз болуп турду. Ал алаңдаган бакыракай көздөрү менен
бирде Нурланды, бирде жарданып өзүн жашый тиктеп турган бейтааныш кишилерди, бирде ата-энесин жалжылдап айланта карады.
Ал кайтадан эне-атасын көздөй ыктады, Ажигит болсо көз жашын төгүп, кызга уламдан улам жакындап, канатын жайып келатты.
Душманынан коркуп, ага куру айбат көрсөтүп жаткан күрптүн балапанындай үрпөйгөн кызынын кебетесин көргөн Султанбек ага
буйра сүйлөп барк этти:
– Тартынба cекет кетейин. Учураш абаң менен. Бул сенин бир тууганың.
– ыя, ошондойбу?
Толкун калтырап барып Нурландын кучагына өзүн таштады.

Аягы.

ЖҮРӨКТӨГҮ СЕЗИМДЕР ❤️

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE