Пример HTML-страницы

Караколдук Эльмара кёрлинг менен машыгып, өлкө чемпиону болууга жетишти

Акыркы жанылыктар

TurmushКаракол шаарынын тургуну Эльмара Асангалыева акыркы 4 жылдан бери спорттун кёрлинг түрү менен машыгууда. Бул аралыкта өлкө чемпиону болууга жетишип, чет жерге чыгып келгенин билдирди.

Асангалыева Эльмара Алмазовна 2006-жылы туулган. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын экинчиси. Учурда калаадагы №11 М.Горький атындагы мектеп-гимназияда билим алууда.

«Мен бул спортко капысынан келип калдым. Биздин гимназияда тандоо түрү өттү. Кыргызстанда бул спорттун түрү жаңыдан өнүгүп жатат. Кандай ойнолот жана кандай шарттары бар экенин ошондо түшүндүрүп беришти. Мен баннерде бир канча баскычтарынан ойноп өтүп, абдан кызыгып калдым. Кызыккандар көп болду. Бирок арасынан шыктууларды тандап алышты. Ошентип, мен бул спорт менен машыгып калдым», — дейт ал.

Эльмаранын айтымында, спорт менен алектенүү ага чет өлкөгө чыгууга өбөлгө болууда.

«Баннер үстүндө ойноп жүрүп, андан кийин Россиянын Красноярск шаарына барып, муз үстүнө турдук. Музда ойногон сезимдер башкача болот экен. Бул менин биринчи ийгилигим десем болот. Анда бизди Россиянын алдыңкы машыктыруучулары машыктырды. Биз үчүн абдан кызыктуу өттү. Семинар- практикумга катышканыбыз үчүн академиянын сертификатын алып кубандык. Орусияда спорттун бул түрү абдан өнүгүптүр. Жаштар менен катар карылар, арабада отурган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да ойноого ыңгайлашыптыр. Жакынкы жылдары бизде да өнүгүп, кызыккандар көбөйөт деп ойлойм. Кёрлинг олимпиадалык спорттун түрү болгондуктан жакшы машыгып, келечекте Кыргызстандын желегин дүйнөгө таанытсам деп тилек кылам», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE