Пример HTML-страницы

ОшМПУ менен Ярослав мамлекеттик педагогикалык университети кош диплом программасын ишке ашырат

Акыркы жанылыктар

Turmush9-12-апрель күндөрү К.Д.Ушинский атындагы Ярослав мамлекеттик педагогикалык университетинин делегациясы Ош мамлекеттик педагогикалык университетине келип, 3 күндүк иш сапарда болушту.

Аталган иш сапарда ЯрГПУнун биринчи проректору Ходырев Александр Михайлович баштаган өкүлдөр алгач университеттин ректору Бекмурза Зулуевдин кабыл алуусунда болуп, билим берүү жана илим тармагында кызматташууну ишке ашыруу максатында эки тараптуу келишим түзүп, кол коюшту.

Аны улай ЯрГПУнун физика-математика факультети менен ОшМПУнун математика жана компьютердик-технологиялар факультетинин ортосунда физика-математикалык билим берүү багытында адистерди бирге даярдоо, маалыматтык технология борборун түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр жүрдү.

Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мамлекеттик стандарттарына ылайык окуу процесстерин уюштуруу маселелери каралды. Жыйынтыгында жаңы окуу жылынан кош диплом программасын ишке ашыруу бүтүмүн чыгарышты. Жолугушуунун жүрүшү «Жогорку окуу жайларда илимий-изилдөө иштерин башкаруу» багытында семинар менен уланды.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө ЯрГПУ — өнүккөн инфраструктурасы менен технология, бизнес жана маданий тармактары да жолго коюлуп, үзгүлтүксүз педагогикалык билим берүүнүн заманбап илимий-методикалык борборуна айланган окуу жай.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE