Пример HTML-страницы

Кочкор районунда жер айдоо өнөктүгү башталды

Акыркы жанылыктар

TurmushКочкор районунда жер айдоо башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Учурда Кара-Сууда 35 гектар, Кум-Дөбөдө 53 гектар, Жаңы-Жолдо 3 гектарга чейин жер айдалды.

Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы райондо дыйкандар жер сугатын жүргүзүп жатканын билдирди. Башкармалыктын маалыматы боюнча, жалпы 31158 гектардын ичинен быйыл 28943 гектары пайдаланылат. Мунун ичинен өткөн жылы 14584 гектар жер айдалса, быйылкы жылы 14473 гектар жер айдалат. Дан эгиндери 8633 гектарды түзсө (буудай 1050 гектар, арпа 7583 гектар), 2815 гектар жерге картошка, 75 гектарга жашылча, 107 гектарга жүгөрү, 769 гектарга бир жылдык чөп айдалат.

Райондо 14470 гектар аянтка көп жылдык чөптөр өстүрүлөт. Жалпы 2215 гектар аянт пайдаланылбай калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE