Пример HTML-страницы

Чүй облусунда 200 тескөөчү жол коопсуздугун көзөмөлдөп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 10-апрелде Чүй облусунун аймагында жайгашкан мечитерде Орозо айт намазы окулду.

Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча, жол тескөөчүлөр мечиттердин алдында жол тыгындарын алдын алуу жана болтурбоо максатында кызмат өтөштү.

Бүгүн Чүй облусу боюнча жалпы 200 кызматкер жол коопсуздугун көзөмөлдөп жатат.

Орозо айы 11-мартта башталган. Бүгүн ал аяктап, Орозо айт майрамы белгиленип жатат.

Буга чейин Муфтият акыркы убакта дүйнөдө болуп жаткан кырдаалдарга байланыштуу айт намазы өлкөдөгү жума намазы окулган мечиттерде гана окуларын билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE