Пример HTML-страницы

Улуттук кызыл ай коомунун Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгү кургак учукка чалдыккан 135 адамга колдоо көрсөттү

Акыркы жанылыктар

Turmush2023-жылы Жалал-Абад облусунда кургак учукка кабылып, бирок дарылануудан баш тарткан 135 бейтап адистерден психологиялык жана социалдык көмөк алып, илдетке каршы дарыларды өз убагында ичишти. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде АКИпресс-Жалал-Абадда өткөн маалымат жыйында Улуттук кызыл ай коомунун кызматкерлери билдирди.

Улуттук кызыл ай коому» коомунун Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Нурсултан Тургунбаев илдетке чалдыккан бейтаптар көп учурда ооруну жашырып, дарыларын ичпей, дарылануудан баш тарта турганын айтты.

«2020-жылдын март айынан бери биздин уюм «Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо» долбоорунун алкагында иштеп келе жатабыз. Ушул тапта 8 кызматкер жана 24 ыктыярчы Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен жана Аксы, Ала-Бука, Токтогул райондорунда илдетке чалдыккан адамдар менен иш алып баруудабыз. Албетте, биринчи кезекте тобокел топторду долбоордун ичине камтыйбыз. Аларга улгайган кишилер, кош бойлуу аялдар жана жаш балдар кирет. Андан сырткары ооруп, бирок каттоого турбай, ак халатчандарга баш ийбей, дары ичүүдөн баш тарткан бейтаптарды киргизгенбиз.

Биздин анализге таянып айта алам, көп учурда илдетке шарты катаал, жакыр жашаган үй-бүлө мүчөлөрү чалдыгышат. Мындан улам биз тараптан аларга ай сайын азык-түлүктөр ваучердик негизде акысыз таратылат. Болгону алар күн сайын дарыларды өз убагында ичип, өзүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана коомчулуктун саламаттыгын биринчи орунга коюусу абзел», — дейт Тургунбаев.

Бирикменин дагы бир кызматкери Тилек Баратали уулунун айтымында, кургак учукка чалдыккан бейтап коомчулук тарабынан сөзсүз дискриминацияга кабылат. Мындай учурда алар психологиялык жардамга муктаж болот.

«Сөз болуп жаткан долбоордун иштеп жатканына быйыл төртүнчү жыл. Бейтаптардын көбү коомчулук тарабынан бөлүп-жарууларга, басмырлоого кабыларын тажрыйба көрсөттү. Ошол себептен биз биринчи кезекте аларга психологиялык жана социалдык жардам көрсөтөбүз. 2023-жылы облус боюнча 135 бейтапка биз тараптан жардам берилди. Алардын ичинен 75 адам дарылануусун аяктады, дагы 45 адам дары ичүүнү улантып жатат. Андан сырткары биз быйылкы жылга да дарылануудан баш тарткан бейтаптардын тизмесин диспансерлерден алып, аларды да дарыланууга тартуунун үстүндө иштеп жатабыз.

Бул менен гана тим болбой, оорулууларды бир аянтчага чогултуп, алар кабылган көйгөйлөр тууралуу талкуу жүргүзүп, аны жеңүүгө жол көрсөткөн жолугушуулар болду. Аларга жалпы 2500гө чукул адам катышты. Мындан сырткары биздин кызматкерлер тарабынан кургак учук илдети, аны дарыласа болоору тууралуу 20 миңден ашык адамга ар кандай маалыматтар берилди», — деди ал.

«Кургак учук менен ооруган бейтаптарды колдоо» долбоорунун Жалал-Абад облусундагы координатору Бекболот Аматов илдет менен күрөшүүнүн алкагында жарыяланган бир айлыкта уюм уюштурган иш-чаралар тууралуу буларга токтолду.

«Баарыбыз билгендей, 24-мартты Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү катары белгилеп келебиз. Бул күндү утурлай биздин уюм да бир айлык өнөктүк уюштурганбыз. Анын жүрүшүндө илдет тууралуу маалымат жайылтуу максатында Жалал-Абад шаарындагы медициналык окуу жайлардын студенттери жана бейтапканаларда эмгектенген ак халатчандардын арасында спорттук иш-чаралар уюштурулду. Жалал-Абад шаарындагы «Чолпон» мектепке чейинки билим берүү уюмунда тарбияланган балдарга куурчак театрын уюштуруп бердик. Аны менен катар кургак учукту чагылдырган дубал гезиттердин сынагын ар бир райондордо уюштуруп, жеңүүчүлөргө белектерди тапшырдык. Эл көп чогулган жайларда, көчөлөрдө элге кургак учук тууралуу маалыматтар жазылган баракчаларды таркаттык», — деди Аматов.

Улуттук кызыл ай коому 1859-жылы негизделген. Ал эми Кыргызстанда 1926-жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Уюм 4 багыттуу иш алып барат. Алар: саламаттыкты сактоо, өзгөчө кырдаалдар учурунда, социалдык өнүктүрүү жана уюштуруучу топту өнүктүрүү багытында. Ушул тапта өлкөнүн 7 дубанында тең өкүлчүлүктөрүн ачып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Ал эми Жалал-Абад облусунда 500дөн ашык ыктыярчы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE