Пример HTML-страницы

Шопоковдук спортчулар Ысык-Көлдө өткөн таэквондо боюнча эл аралык мелдеште алдыңкы орундарды алышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushСокулук районундагы спортчулар 2024-жылдын 12-апрелинен 14-апрелине чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өткөн Asian Bars Cup таэквондо ITF эл аралык мелдешине катышты. Бул тууралуу Шопоков шаарынын мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, мелдешке 500дөн ашык спортчу катышты. Анын ичинде «Шопоков» спорттук клубунун 12 спортчусу бар.

Алар төмөндөгүдөй орундарга ээ болушту:

55 кг салмактагы Алима Бакытова 11-13 жаштар арасында 2-орунду;

35 кг салмактагы Алина Галкина 11-13 жаштар арасында 3-орунду;

40 кг салмактагы Бекболсун Жакыпов 11-13 жаштар арасында менен 3-орунду;

Командалык эсеп боюнча экинчи орунду (эки түр боюнча) алышты.

Иш-чара Шопоков шаарынын мэриясынын тарабынан колдоого алынып, спортчуларга акчалай жардам көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE