Пример HTML-страницы

7 жаштагы Амина Шергалиева шахмат боюнча өлкө чемпиону болду

Акыркы жанылыктар

Turmush7 жаштагы Амина Шергалиева шахмат боюнча Кыргызстандын чемпиону болду.

Бишкек шаарында 23-29-март күндөрү мектеп окуучулары арасында шахмат боюнча Кыргызстандын биринчилиги өттү. Ага өлкөнүн бардык аймактарынан жаш шахматчылар катышты. Жалпы 548 жаш шахматчы катышып, 5-7-9-11-13-14-17 жаштагы категорияларга бөлүнүп ойношту.

Жети жаштагы кыздар арасында өткөн мелдеште Амина Шергалиева 9 упайдан 8,5 упайга ээ болду. Ал 2023-2024-жылдын мыкты спортчусу аталды. Ал эми Таиландда өтө турган мелдешке даярданат.

Амина Шергалиева Нарын облусунун Кочкор районунда төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE