Пример HTML-страницы

ЗАЙТУН МАЙЫНЫН ДАРЫЛЫК КАСИЕТТЕРИ 

https://kyrgyzcha.site/?p=55869&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЗАЙТУН МАЙЫНЫН ДАРЫЛЫК КАСИЕТТЕРИ

 

Соңку жылдарда жүргүзүлгөн илимий иликтөөлөр зайтундун бир эле тамак-аш азыгы гана болбостон, ден-соолукка да өзгөчө пайдалуу жактарын далилдеп чыкты. Албетте, зайтундун майы гана эмес, анын өзү да маанилүү азык болуп эсептелет.

Зайтун майы тамак сиңирүү системасына оң таасир этет жана карын жарасына (язва) да пайдалуу.

Бул майды үзгүлтүксүз колдонуу менен жүрөк, кан-тамыр ооруларынын алдын-алууга болот жана ал тамырларды чыңдап, ийкемдүү кылат. Себеби, зайтун майы канда айланып жүрүүчү зыяндуу холестериндин санын азайтып, пайдалуу холестериндин өлчөмүн көбөйтөт.

Андан тышкары жогорку кан басымына каршы колдонулат жана учурда кан басымын түшүрүүчү дары-дармектердин көпчүлүгү зайтун дарагынын жалбырагына негизделип жасалат.

Зайтун майынын эң маанилүү касиети кээ бир рак ооруларынын алдын алууда коргоочу сапатка ээ. Алсак, Оксфорд университетининин докторлору жүргүзгөн изилдөөлөрдө, зайтун майынын ичеги рак оорусунан коргоочу өзгөчөлүгүнүн бар экендиги табылган.

Андан тышкары зайтун майы сөөк ткандарындагы калцийге пайдалуу. Айрыкча зайтун майынын курамындагы E, A, D жана K витаминдери жаш балдардын, өспүрүмдөрдүн сөөктөрүнүн жакшы өсүшүнө жана бекем болушуна жардам берет.

Зайтун майы клеткаларды жаңылоочу касиетке да ээ. Бетке түшө баштаган бырыштарды даарылоодо колдонулат жана жаштыгымды сактайм дегендерге табылгыс дары. Терини жакшы сактап, аны зыяндуу таасирлерден коргойт. Айрыкча жаңы төрөлгөн наристенин мээсинин, нерв клеткаларынын жакшы калыптанышына тийгизген таасирлеринен улам, дарыгерлер төрөгөн энелерге жалгыз зайтун майын гана сунуштайт.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE