Пример HTML-страницы

Turmush: Таласта кекиртеги тешилип, ооруканадан чыгып кеткен жигиттин өлүмү: Дарыгердин баяны

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Ынтымак айылынын 35 жаштагы тургуну Бийгазы Шопоков дарыгер болуп эмгектенип жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. 2007-2010-жылдары Талас мамлекеттик колледжинде фельдшер адистиги боюнча билим алган. 2010-2016-жылдары Новосибирск мамлекеттик медициналык университетинде окуп, 2017-2019-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда квалификациясын жогорулаткан. Анестезиолог-реаниматолог боюнча окуган.

2016-2018-жылдары Бишкек шаарында жеке менчик медициналык тез жардам кызматынын дарыгери болуп иштеген.

2018-2019-жылдары Талас шаарында Талас облустук биргелешкен ооруканасынын жалпы реанимация жана анестезиология бөлүмүндө анестезиолог-реаниматолог дарыгери;

2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Талас облустук биргелешкен ооруканасынын жалпы реанимация жана анестезиология бөлүмүндө анестезиолог-реаниматолог дарыгери;

2023-жылдын 10-октябрынан тарта Бакай-Ата райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директорунун дарылоо иштери боюнча орун басары болуп иштеп келе жатат;

«Бала кезден эле эмнегедир ак өңгө кызыга берет элем. Ошол ак өң келечектеги ак халатымдын белгиси болсо керек.

Сүрөттү жакшы тартчу элем. Жалаң тез жардамдын унааларын эле тарта берет элем. Бирок дарыгер болом деген ой жок эле. 3-4-класс болсок керек эле, мугалимибиз келечекте ким болом деген темада сурамжылоо жүргүзүп калды. Мен ойлонбостон эле эмнегедир «дарыгер болом» деп жооп берген элем. Ошол кезде сыналгыдан «Не отложка» , «911 служба спасения», «Клиника» деген тез жардам кызматкерлери, адамдардын өмүрүн сактап калуу жөнүндөгү көрсөтүүлөрдү көрчүмүн. Бирок ошол мугалимим «Сен дарыгер боло албайсың. Дарыгерлике байдын балдары гана окуйт. Сен башка кесиптин ээси болушуң керек. Сүрөтчү бол, сүрөттү жакшы тартасың го» деп шагымды катуу сындырып койгон эле.

Ошондон кийин ошол мугалимду угуп демек мен дарыгер боло албайт турбаймынбы, анда сүрөтчү болом деп сүрөт тартууга басым жасап жүрдүм. Сүрөт боюнча райондук сынактарга дагы катышып, алдыңкы орундарды ээлегем. Бирок «жаштын тилегин берет» демекчи, архитектор-дизайнер болом деп жүрүп, маңдайга жазылган тагдыр экен мына минтип дарыгер болуп калдык», — деди ал.

Каарманыбыз буга катар эле башынан өткөн окуялары менен бөлүштү.

«Бишкекте тез жардамда иштеп жүргөн учурум болчумун. Анан «90 жаштагы Анатолий Васильевдин жүрөгү ооруп, дем ала албай жатат» деген чакыруу түштү. Айтылган дареке келдик, көп кабаттуу үйлөрдүн 4-кабатында эле. Кирип келип 90 жаштагы өтө оор абалдагы бейтапты көрүп, кан басымын текшерип, өпкө-жүрөгүн текшерип, жардамчы фельдшерлерим электрокардиография

тартып, кандын кантын текшерип берип жатты. Оору баянын сурамжылап жатып, биздин бригада келгенге чейин 3 күндөн бери күнүгө 2 жолудан башка тез жардам кызматтарын чакырып жаткандыктарын айтышты. Бирок алар эч бир жардам көрсөтө албай, абышканын аз гана өмүрү калганын айтып кетип жатышкан экен.

Чындап эле абалы ошондой эле. Ал адам бул убакытка чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө турушкан эмес экен. Абалы өтө оор, анасарка (бүткүл денеси, колу-бети шишип кеткен) болуп, шишигинен улам көздөрү дагы ачылбай калыптыр.

Өпкөсү пневмония, плеврит болуп сууга толуп, дем алуусу дагы начарлап, жүрөгүнүн согушу алсыздап, аритмия (жүрөктүн туура эмес согулушу) болуп калыптыр. Кан тамырына дары куялы десек колу-бутунун шишиктеринин айынан тамырлары дагы табылбады. Аны ооруканага алып баралы десек «ооруканага барса ал жактан каралбай калат» деп аялы болбоду. Айлам кеткенинен мен дагы мага чейин келип кеткен кесиптештерим сыяктуу «өмүрү аз калыптыр, кудайдын жазганын көрө жатарсыздар» деп ордумдан туруп сыртты көздөй бастым. Бир маалда эле аялы «Доктор мен сизге эмнегедир катуу ишенип жатам. Сиздин башыңыздан нур көрүп жатам, кетпесеңиз» деп эле колумдан кое бербей ыйлап жиберди. Мен «Менин колумдан эч нерсе келбейт. Кечириңиз жардам бере албайм» дегениме карабай ыйлай берди. Анын ыйын четке кага албай «Макул ыйлабаңыз. Мен бул убакка чейин мындай өтө оор абалдагы бейтаптарды үй шартында дарылап көргөн эмесмин. Колумдан келишинче, бар билимимди жумшайын» дедим. Бирок бейтаптын жакшы болуп кетерине кепилдик бере албастыгымды түшүндүрдүм. Үйдөн дарылоого рецепт жазып бердим. Бейтапты үй шартында кантип караш керек, кантип тамактандыруу керек экендигин түшүндүрдүм. Ошондон кийин ошол абышканы 2 жума күнүнө 1 маал барып, дагы 2 ай жумасына 2 жолу барып, көзөмөл жүргүзүп, рецептерди жазып берип жүрүп 2 айдан кийин өлөт деген абышканы айыктырган элем. Ошондон кийин ал абышка дагы 2 жыл өз алдынча үйүндө басып, тамактанып, акыл-ээси менен жашады.

Мен ошол абышканы дарылагандан кийин анын аялы маалымат таратып, Бишкек шаарында герантолог (кары адамдардын дарыгери) адисине айланып, Бишкек, Чүй, Ысык-Көл облусунда бейтаптарым көбөйө баштады.

Дагы бир жолу «9 айлык бала ээсин жоготту» деген чакыруу түштү. Дарек боюнча бат эле жетип бардык. Үйүнө кирсек чай ичүүчү столдун үстүндө бозоруп араң эле деми бар, жүрөк согушу жайлап калган, ымыркайды көрдүм дагы дароо жардам көрсөтүүгө шашылдык. Жардамчыларым кычкылтек берип башташты. Кан тамырын табууга мүмкүн болбоду. Себеби ымыркайдын ооруганына 1 жума болуп, дене табы көтөрүлүп, акыркы 2-3 күндөн бери эмчек эмбей, суу ичпей жатат деп, дарыдан башка эч кандай суюктук бербегендиктен денеси соолуй баштаптыр. Медицинада денеге инфузия берүүнүн ар кандай методикасы болот. Эгерде тамыр табылбаса, сөөк аркылуу берүү ыкмасы бар. Ал ыкманы бардык реаниматологтор колдоно бербейт. Анткени анын жасоо техникасы оор. Инфузия методу менен ымыркайга жардам көрсөтө баштадык. Ошол эле жерден ымыркайыбыз гүлгө суу куйгандай эле, көз алдыбызда тириле баштады. Ошол учурдагы ымыркайдын ата-энесинин, чоң ата, чоң апаларынын сүйүнүчүнө чек жок эле. Анткени ага чейин алар үмүттөрүн үзө башташкан экен. Анан ымыркайды алып ооруканага жөнөдүк дагы жандандыруу бөлүмүнө жаткырдык.

Таластагы кызыктуу иш күндөрүм абдан эле көп болуп турат. Ишке 1 күн чыкпай калсам буулугуп кетем. Мени анестезиолог-реаниматолог катарында тарбиялап, тажрыйбалары менен аянбастан бөлүшкөн устаттарым тууралуу дагы айтпай койбосом болбойт.

Анестезиология жана реаниматология кафедрасынын бөлүм башчысы Молдоташова Айке Кенжеевна, Талас облустук ооруканасынын дарылоо иштери боюнча директордун орун басары Асымбаев Алмаз Асанович, Талас облустук ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Керимкулова Айнура Сабырбековна, реанимация бөлүмүнүн реаниматологдору Бекешов Өмүркул Дүйшөнбекович, Укуев Кыял Азаматович, Төрөкулов Арген Нуржанович устаттарыма ыраазымын», — деди ал.

Дарыгер жакындары оор абалда ооруканага адамдар да ызы-чуу саларын кошумчалады.

«Талас облусттук ооруканасынын реанимация бөлүмүндө күзөттө элем. Жүрөк оорусу менен бир бейтапты реанимация бөлүмүнө жаткырдым. Бейтаптын туугандары жок жерден эле өтө ызы-чуу салган адамдар экен. Туугандарынын бири ачуулуу «Реанимациядан көрө башка, күчтүүрөөк бөлүмгө алып барсак болмок. Эмнеге бул жака алып келдик?» деп кыйкырынып жатты. Себеби мен ал тууганы «оорулуунун жанында болушум керек, жанында карап отурушум керек» дегенинен «реанимацияга туугандары кирүүгө болбойт» деп койгонум үчүн жакпай калдым көрүнөт. Ошол кыйкырып жаткан тууганын чакырып, «Билесизби медицинанын эң эле туу чокусу — бул реанимация. Реанимациядан кийин эле жогорку дистанция өлүккана (морг) турат. Бизден кийинки дистанцияга барбай калганыңызга шүгүр кылыңыз» десем тынчып калды. Кээ бир учурларда оору менен күрөшкөндөн чарчабай эле, бейтаптардын туугандарынын себепсиз ызы-чууларынан чарчап калабыз.

Тилекке каршы кайгылуу учурлар дагы болуп турат. Биз реаниматологдор канчалык билимдүү жана тажрыйбалуу болбойлу, кудай алдында адамдын өмүрүн сактап калууга же болбосо ал адамдын дүйнө менен кош айтышуусуна биз себепчи гана болобуз.

Бир жолу реанимация бөлүмүнө 21 жаштагы жигит унаа кырсыктын кесепетинен өтө оор абалда түштү. Жалпы командабыз менен анын өмүрү менен күрөшүп экинчи жума дегенде комадан чыгарып, дагы 2 жумага чейин дарылап өз буту менен бастырып, башка бөлүмгө котордук. Ал бөлүмдөн дарыланып бүткөн соң Бишкеке баруу керектигин эскерткен элек. Анткени аны 2 жума комада жаткан учурунда кекиртегин операция жолу менен тешип, аппараттык дем алууга кошкон элек. Бишкекте кекиртектеги тешикти операция менен бүтөтүп келиши керек эле. Бирок ата-энеси баласынын басып, өз алдынча дем алганына сүйүнүп биз которгон бөлүмгө жатпастан үйлөрүнө кетип калышат дагы, Бишкекке барбай жүрө беришет. Ооруканадан чыкканына 1 ай убакыт өтпөй баягы бала биздин бөлүмгө кайра оор абалда түштү. Ал учурда балага жардам берүү мүмкүн болбой калган. Себеби ошол кекиртектеги тешикке эт өсүп, дем алуу жолдорун жаап калган дагы ал жигит дем ала албай калган. Мен канчалык дем алуу жолдорун ачууга аракет кылганым менен, өсүп калган этти алып салуу мумкун болгон жок. Хирургиялык бригаданы чакыргыча бала тумчугуп калды. Ошол учурда абдан катуу кайгыргам. Ал бала дагы деле көз алдымда турат», — деди ал.

Дарыгер буга катар эле айлык маяна боюнча маселени айтты.

«Тилекке каршы Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин айлык маянасы өтө төмөн. Кайсы бир маалымат булактарында Кыргызстандын орточо айлык маянасын 40 миң сомду түздү деп турат. Дарыгерлердики ошол орточо айлык маянага дагы жетпей калып жатпайбы. Эч жашырбайм, менин реанимацияда иштеп тапкан айлык маянам 20000-24000 сомду түзөт. Мындай маянага бир үй-бүлөнү багууга мүмкүнбү, албетте мүмкүн эмес. Өзүмдүн үйүм жок болгондуктан ата-энемдин үйүндө жашайм. Таластан батирге жашаш үчүн болгон маянамды ай сайын батирдин акысына берип калат экенмин. Ошол себептен алыс болсо дагы айылдан барып келип иштейм. Же болбосо жеңилдетилген ипотекалык кредит, жер менен камсыздап беришсе дарыгерлер келет эле. Алыс кетпейли алсак Ысык-Көлдөгү, Нарындагы иштеп жүргөн коллегаларыбыз биздей эле иштеп 50-70 миң сом айлык алышат. Анткени аларга өкмөттөн эсептелген маянага кошумча жергиликтүү бюджеттен бөлүп беришет. Алар ошондой жол менен дарыгерлерди кызыктырып алып калууга аракет кылышат экен. Биз болсо бира аз тапкан акчабызга ыраазы болуп, дагы кошумча башка иштерде иштөөгө аргасыз болуудабыз

Өзүм бойдокмун. Менин ишимди түшүнгөн кыз издеп жаткан кезим. Анткени менин ишим өтө оор. Жоопкерчиликтүү болгондуктан күн-түн дебей жумушта болуп калам. Кээде 2-3 күн катар иштеп, үйгө барбай калган күндөр болот. Дем алыш күн деп эс алуумду пландап койгон кезде дагы жумушка зарылчылык болуп чакырып калса эс алуу планыма карабастан кетип кала берем. Ошол жагдайларды түшүнгөн жар керек», — деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE