Пример HTML-страницы

Ошто профессор Абдимиталип Баймуратовдун 70 жылдыгы белгиленип, эл аралык семинар өттү

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-апрелде Ош технологиялык университетинде «Университет 4.0» жогорку кесиптик билим берүү моделин аткарууга карай жол: максаттар жана аракеттер» аттуу темада эл аралык илимий-практикалык семинар өттү.

Окуу жайдын маалыматы боюнча, иш-чара экономика жана башкаруу факультетинин экономика жана финансы кафедрасынын профессору, экономика илимдеринин кандидаты Абдимиталип Баймуратовдун 70 жылдык мааракесине арналып уюштурулду.

Семинарга банк секторунун, финансы-экономикалык мекемелердин өкүлдөрү жана ОшТУ менен илимий байланыштагы чет элдик жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү:

— Казакстан Республикасынын Алмата шаарынын Эл аралык инженердик-технологиялык университетинин профессору, Эл аралык илим жана өндүрүштү уюштуруу практикасы академиясынын академиги Токсанова Айгүл Нурпеисовна – «Современные тренды образовательного процесса» деген темада;

— Россия Федерациясынын Кабардин-Балкар Республикасынын Нальчик шаарынын Х.М.Бербеков атындагы Кабардин-Балкар мамлекеттик университетинин КИТжЭнин эсеп, экономика жана мейманкана бизнеси циклдик комиссиясынын төрагасы Текуева Марина Тахировна – «Трансформация вузовского образования в модель «Университет 4.0» в России» деген темада;

— Өзбекстан Республикасынын Фергана шаарынын Фергана политехникалык институтунун профессору, э.и.д. Бутабоев Махаммаджон Туйчиевич – «Цифровая грамотность и обработка больших данных на современном этапе» деген темада;

— ОшТУнун бухгалтердик эсеп жана аудит кафедрасынын профессору, э.и.д. – Абдиев Мурат Журатович, ОшТУнун экономика жана финансы кафедрасынын башчысы, э.и.к., доцент – Зикираев Марат Төлөгөнөвич өздөрүнүн илимий баяндамаларын окушту жана куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Андан сырткары Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарынын Урал мамлекеттик экономикалык университетинин, Россия Федерациясынын Красноярск шаарынын Сибирь мамлекеттик университетинин, Ош шаарынын түштүк аймагындагы жогорку окуу жайларынан ОшМПУ, ОшМУ, ЖАМУдан келген өкүлдөр жана чогуу иштеген кесиптештери куттуктоо сөздөрүн айтышып, маараке ээсине ийгиликтерди каалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE