Пример HTML-страницы

Ата-энесинин артынан Россияга барып, малчы болгон Сардарбек Сатаров ишкерге айланды

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — 32 жаштагы Сардарбек Сатаров. Ал Россиянын Япония менен чектеш аймагында курулуш компаниясын түптөп, турак жай куруп жатат. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маектешти.

Каарманыбыз Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Октябрь айылынын тургуну. Ал 11-классты аяктагандан кийин Россияда миграцияда жүргөн ата-энесинин жанына барып, ар кандай жумуштарда иштеп баштаган.

«Биз кичинекей кезибизде атам мамлекеттик кызматта иштеп, бирок жетишпеген турмуш, аз айлык ата-энемди жашы жете элек балдарын таштап кетүүгө мажбур кылды. Ошол учурда 2 жаштагы иним, мен жана карындашым 17 жаштагы агамдын карамагында болуп калдык. Чынын айтканда биздин бала чагыбыз кыйын шартта өттү. Агам экөөбүз күнү кечке адырга чыгып, гавар (көп жылдык бадал өсүмдүктүн бир түрү) терип, аны сатчубуз. Күз мезгилинде буудай орумдан кийин калган дандарды машак кылып чогултуп, аны тегирменге алып барып, ун тарттырып, нан жаап жедик. Башка учурда айылдаштарыбыздын жерин айдап, чөбүн чаап, каражат чогултчубуз.

2009-жылы мектепти аяктагандан кийин мен да ата-энемдин артынан Орусияга, тактап айтканда Хабаровск аймагына барып, алар менен бирге мал чарбада малчы болуп иштедим. Ал жерде 6 ай иштегенден кийин нан азыктарын жасаган цехке жумушка орношуп, ал жерде 2012-жылга чейин иштедим.

2013-жылы кесибимди ашпозчулукка өзгөртүп, ресторандардын биринде башкы ашпозчу болуп иштедим. Ал арада карындашымды, агамды жогорку билимдин ээси кылып окутуп, жашоо-турмушубуз бир аз калыбына түшүп, эң башкысы бөтөн журтта малчы болуп эмгектенген ата-энемди өз мекенине жибердим. Бирок өлкөдөгү жумушсуздук мени чет жерде эмгектенүүгө мажбур кылды», — дейт ал.

Мекендеш 2013-жылы толугу менен курулуш тармагына өтүп, — 50 градус суукта бетон куюп иштеп жүрүп, өзү сыяктуу мигранттарды иш менен камсыз кылам деген максаты орундалганына токтолду.

«Негизи менин курулуш жаатына кирип, иштөө жети уктаса түшүмө кирчү эмес. Албетте, жаңы жумушка орношуп иштеп жүргөндө абдан оор болду. Орус, корей, өзбек жана тажик улутундагы куруучулар менен иштетик. Кыргыз балдар 10 чакты элебиз. Жумушта түшкү тамактануу болгондо тамакты бат-баттан ичип, кайра жумуш болуп жаткан жайга барып, долбоорлорду, чиймелерди карап, үйдүн бурчтарын так чыгарып берген жабдууларды кармап, аларды иштетип көрүүгө кызыгабыз. Негизи курулушта кара жумушчу болсоң мындай жабдууларды иштетүүгө, а түгүл кармап көрүүгө тыюу салышат. Айрым учурда түшкү тамактанууга барбай, бригадирлер, жооптуу адистер жок мезгилде алар иштеткен буюм-тайымдарды кармап, таштандыга ыргыткан чиймелерди үйгө алып барып окуп, практика жүзүндө иштеп көрүп, көп кабаттуу үй курууну өздөштүрдүм.

2015-жылы кыргыз балдар иштеген топко бригадир болдум. 2018-жылы прораб, 2019-жылы 24 бала иштеген курулуш жүргөн аймакта жооптуу жетекчи болуп дайындалдым. Чет элдик куруучулардан бардык жол-жоболорду өздөштүрүп алган соң 2020-жылы Сахалин облусунда 22 куруучу бала менен өз алдыча бөлүнүп чыгып, объект алып, бала бакчанын курулушун ишке ашырдым.

Ал эми 2021-жылы Орусияда курулуш компаниясын ачып, аны юстицияга каттатып, иштей баштадым. Чет жерде курулуш дүйнөсүнө, андан кийин буйрутмачынын ишенимине кирип алуу абдан кыйын. Ансыз да атаандаштык, талап катуу болгон чөйрөдө ката кетирсең ишенимден каласың. Ошол себептүү курулуштун ар бир деталы адистер тарабынан кылдат текшерилет.

Хабаровск аймагында 2022-жылдын ичинде 21 кабатка чейинки 7 көп кабаттуу үйдү нөлдөн баштап курдук. Ал эми 2023-жылы подрядчы менен 13 кабатка чейинки 2 көп кабаттуу үйдү курууга жетиштик. Андан сырткары биздин куруучулар Владивосток сыяктуу ири облустадан бир нече турак жайларды, алардын катарында социалдык объектилердин курулуштарын ишке ашырды. Былтыркы жыл биз үчүн ийгиликтүү болду десек болот. Тактап айтканда, жалпы 200дөй кыргызстандык жана борбор азиялык мигранттар биздин фирма аркылуу жумушка орношуп, үй-бүлөсүн багууга», — деди мекендеш.

Сардарбек Сатаров тажрыйбалуу жумушчуларды Кыргызстанга көчүрүп келип, өлкөдө да сапаттуу жана заманбап курулуштарды ишке ашыруу ниети бар экенин кошумчалады.

Ал 4 бир туугандын экинчиси жана 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE