Пример HTML-страницы

ОшМУда 7 млн долларлык робототехника лабораториялык борбору ачылат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Кытайдын Сучжоу шаарындагы Jiangsu Huibo Robotics компаниясына барып, ишмердүүлүгү менен таанышты.

Аталган компаниянын жетекчилиги менен болгон жолугушууда эки тараптын кызматташуу келишиминин негизинде бир нече перcпективалуу багыттар талкууланды. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында борбордун алдында 2024-2025-окуу жылында Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун базасында Кытайдагы университет менен биргеликте робототехника адистиги боюнча 1-курска бакалаврга студенттер кабыл алынат. Аны менен катар жеткинчектер жана мектеп окуучулары үчүн робототехника курстары ачылат. Роботехника адистигин аяктаган бүтүрүүчүлөрдү жергиликтүү жана эл аралык өндүрүш тармагында иш алып барган компанияларга жумушка орноштуруу да пландалган.

Бул лабораториялык борборду куруу учун ОшМУ 500 чарчы метр аянтча бөлдү. Учурда имараттын ичин оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. ОшМУ бул лабораториялык борборду керектелүүчү атайын эмеректер менен да камсыздайт.

Иш сапардын алкагында робототехника лаборатория борборуна керектелүүчү роботтор, жабдуулар аныкталып, эки тарап жакынкы күндөрү Кыргызстанга бардык жабдыктарды жөнөтүү тууралуу макулдашты.

Лабораториялык борборго биринчи этапта 2 млн АКШ доллары, экинчи этапта 5 млн АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция салынуусу күтүлүүдө. Борбор Азия аймагында жана Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор Кыргызстан үчүн гана эмес, коңшу өлкөлөрдөгү робототехника тармагынын өнүгүүсүнө салым кошот.

2024- жылдын январь айында Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын өкүлдөрү ОшМУда келип эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшкөн.

Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын Кытайдын бир топ шаарларында заводдору, филиалдары, лабораториялары бар. Жалпысынан өндүрүшкө керектелүүчү, завод-фабрикаларда колдонулуучу роботторду иштеп чыгарат. Билим берүү тармагында да бир нече долбоордун үстүндө иштешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE