Пример HTML-страницы

Караколдук Руфеида Гайфулина самындан гүлдөрдү жасап, кошумча каражат табууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын 26 жаштагы тургуну Руфеида Гайфулина самындан өзгөчө гүлдөрдү жасап, кардарларына жагымдуу маанай тартылап жатат. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Мен 1998-жылы Каракол шаарында төрөлүп-өскөм. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжесимин. Академик И.Ахунбаев атындагы Каракол медициналык колледжинде билим алдым. 2021-жылы Жаңы-Арык айылына келин болуп келгем. Жолдошум милиционер болуп иштейт, 1 кызды тарбиялап-өстүрүүдөбүз. Учурда калаада зоологиялык дүкөндү (зоомагазин) иштетем.

Кол өнөрчүлүккө келүүмдүн себеби — декреттик өргүү болду. Үйдө бала менен жөн эле отура бербей, бир иш баштагым келди. Социалдык тармактардан самындан жасалган гүлдөрдү көрүп, кызыгуу пайда болду. Ар кайсы теория, изилдөөлөрдөн кийин практика түрүндө жасоого умтулдум. Ишти баштоого жолдошум жана апам түрткү болду.

Ага керектелүүчү заттарды — жогорку сапаттагы самынды, формаларды, боёкторду Бишкек шаарынан сатып алам. Азыркы тапта онлайн буюртма алып, самындан гүлдөрдү жасайм. Бул гүлдөр кароого муктаж эмес, бөлмөнүн ичин кооз кылып гана көрсөтпөстөн жыпар жытка бөлөп турат. Өз колум менен жасаган гүлдөрүм аркылуу адамдарга жагымдуу маанай тартылоо менин жетишкен ийгилигим деп билем», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE