Пример HTML-страницы

ЖӨРГӨМҮШТӨРДҮН ЭӉ УУЛУУСУ – КАРА КУРТ

https://kyrgyzcha.site/?p=56371&preview=true Пайдалуу кеңештер.

ЖӨРГӨМҮШТӨРДҮН ЭӉ УУЛУУСУ – КАРА КУРТ

 

 

Аптап күчөгөн убакта ооруканага кара курт чагып түшкөндөрдүн саны арбыйт. Аларды кантип дарылашат? Адамдарды андан башка дагы кандай жөргөмүштөр чагышы мүмкүн? Бизде кара курттун уусуна каршы колдонулуучу дары сары суу эмнеге жок? Суроолорду керектүү адистерге узаттык.

 

КАРА КУРТ ЧАККАНДА…

Белгилери

Чаккан жердеги кызыл чекиттин орду (кээде орду билинбейт)

Баш айлануу

Аба жетпей муунуу

Чыйрыгуу

Тердөө

Катуу оорутуу

Биринчи жардам

«Тез жардам» чакыруу же дароо ооруканага алып баруу;

Чаккан жерди күйгүзүү (чаккандан соӊ 1 мүнөт ичинде) жана ал жерди соруп, түкүрүү. Же болбосо спиртти кебезге малып, чаккан жерге 5 мүнөт басуу;

Антигистаминдик (аллергияга каршы) дары ичирүү.

Ооруканада

Оорутууну басуучу каражат, магнезия (магний сульфаты, вена кан тамырына куюлат), дене табын түшүрүүчү каражат (дене табы көтөрүлсө), антибиотикалык дары-дармек (жөтөл болсо), тамчылатма дары (организмдеги ууну чыгаруу үчүн) жана башкалар чектелет.

Алдын алуу

Тоо, адырларда жылаӊайлак жүрбөө;

Чөп, куурай чогултууда кол кап кийүү, багалекти шымдоо;

Эртеӊ менен бут кийимди кагып кийүү жана башка.

«КАРА КУРТ ЧАККАНДАР ШААР СЫРТЫНДАГЫ КОНУШТАРДАН КӨП КЕЛЕТ»

Улан Исманов, Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнүн башчысы:

– Кара курттун өтө активдүү кези болуп июнь-июль айлары эсептелет. Бул аралык жупташуу жана жумурткалоо убагы болгондуктан аларда миграция көбөйөт. Андан тышкары салкын жер издеп үйлөргө чейин кирип баруулары мүмкүн. Таштанды, анын ичинде тамак-аш калдыгы төгүлгөн, куурай, кургак чөп үйүлгөн жерлерде, урандыларда, аӊ, жарларда, арык жээгинде көбүрөөк жүрөт. Ошол себептүү үй-короону таза кармап, тегерек-четке таштанды таштабай, ири таштанды төгүлгөн жерлерден алыс болуу зарыл.

Илгери Бишкектин тегереги ээн талаа болуп, кара курттар байырлашкан. Ал жакка таштандылар төгүлүп, кара курттардын көбөйүшүнө шарт түзгөн. Кийин ал аймактарда жаӊы конуштар пайда болуп, алар адамдар менен коӊшу жашап калышты. Бизге кара курт чаккандар көбүнчө шаар сыртындагы конуштардан келип жаткандыгы ошондон. Алар унаа, буюмдарга жармашып шаар ичине чейин таркап кетүүдө.

 

ЭМНЕ ҮЧҮН БИЗДЕ ДАРЫ САРЫ СУУ ЖОК?

Алмаз Кубатбеков, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы врачы:

– Дары сары сууну кара курт чаккандан 1 саат ичинде саюу кажет, андан кечиксе таасири жок. Ал суу (сыворотка) Кыргызстанга алынып келинбейт жана ага зарылчылык деле жок. Өлкөбүздө байырлаган кара курттун уусу адамды өлтүрө албайт. Анын үстүнө дары сары суу абдан кымбат. Бир дозасы 3,5-4 миӊ сомду чамалайт. Андыктан биздин врачтар оорутууну басуучу каражаттарды жана антибиотиктерди колдонуу менен дарылашат.

 

 

 

«КАРА КУРТ ЧАГЫП, 8 КҮН ДАРЫЛАНДЫМ»

Чинара Жолдубаева, Аламүдүн районунун Достук айылынын тургуну, 40 жашта.

– таӊга маал төшөгүмдүн ичи кыбырап, жоон саным тыз дей түштү. Ойгонсом жөргөмүш жүрөт. Жоон санымда кызыл чекит пайда болуп калыптыр. Кара курт чакканын дароо билдим. Аны өлтүрүп, тигинтип-минткиче 15 мүнөттөй өтүп, 2 бутум баспай калды. Анын уусу ушунчалыкка жеткирерин билбегендиктен өнөкөт бөйрөк оорум бар эле, ошол катуу кармап калды окшойт дедим. Үйдөгүлөр ооруканага алып барышып, УЗИге, компьютердик томографияга тарттырышты. Бирок так диагнозу чыккан жок. Ошондо «кара курт чаккан болчу» десем, токсикологияга жөнөтүштү. Ага чейин 10 сааттай убакыт өтүп, абалым оорлошуп кеткендиктен жандандыруу бөлүмүнө жаткырышты. 14-августта айыгып чыктым.

 

«УРГААЧЫСЫ ЭРКЕГИН ЖЕП КОЁТ»

Дмитрий Милько, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Биология-топурак таануу институтунун илимий кызматкери, энтомолог:

– Кыргызстанда жөргөмүш сымалдардын 1052 түрү бар. Алардын ичинен адамдын терисин тешип чага ала тургандары гана коркунучтуу. Аларга кара курт, чоӊ баш (толстоголовка), бөйү (тарантул), чымчыкчы жөргөмүш (паук-птицеед), хеиракантиум кирет. Адамдарды ургаачылары гана чагат. Эркектеринин жаагы жакшы өөрчүбөгөндүктөн терини тешип чага алышпайт. Адамдарды үй жөргөмүшү да чагуусу мүмкүн. Уусу коркунучтуу эмес. Чаккан жери оорутуп өтүп кетет. Жөргөмүш сымалдардын ичинен эӊ уулуусу – кара курт.

Кара курт. Бизде кара курттун 1 түрү бар жана өлкөнүн бардык облустарында кездешет. Өзгөчө түштүктө көп. Токой, бийик тоо, суулуу, саздуу жерлерде болбойт. Денесинин үстүндө кызыл темгилдер (чекиттер) болот. Узундугу 12-14 миллиметрге чейин жетип, 3-6 жыл өмүр сүрөт. Ургаачысы 1 сезондо 800гө жакын жумуртка тууйт. Жупташкан соӊ ургаачысы эркегин жеп коёт. Себеби ургаачысына жумурткалоо үчүн азык-заттар, анын ичинде белок көп керектелет. Ошондон улам эркегин азык ордуна жеп коё берет. «Кара жесир» аталышы да ушундан. Эркектеринин куулары сактанып, «белекке» көпөлөк же чымын кармап алып барышат. Ургаачысы ал жемге алаксып калганда качып кетишет.

Чаян. Кыргызстанда булардын 3 түрүн кездештирүүгө болот. 1 түрү түштүк жергесинде, ал эми 2 түрү өлкөнүн бардык жеринде жолугат. Денеси 3-5 сантиметрге жетет. 1 жылдын 7-8 айын уйку менен өткөрүшөт. Уусу катуу оорутууну жаратат, бирок адам өлбөйт

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE