Пример HTML-страницы

Ысык-Көлдө УКМКнын генерал-майору Замир Сабаев акыркы сапарга узатылды. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-апрелде Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Дөбө айылында улуттук коопсуздук органдарынын генерал-майору Замир Сабаев акыркы сапарга узатылды.

Ал 12-апрель күнү 55 жаш кураганда көз жумган.

Сабаев Замир Шекенович 1969-жылы туулган Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында жарыкка келген.

Ал 1992-2005-жылдары президентке караштуу Күзөт башкармалыгынын күзөт офицери, 2005-2010-жылдары ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы департаментинин атайын ротасынын командиринин орун басары, командири, 2010-жылдан тарта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинде 9-башкы башкармалыктын башчысы болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE