Пример HTML-страницы

Чүйдүн талааларындагы ийинден кичинекей жырткыч табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районунун талааларында козу карын терип жүргөндөр кичинекей түлкү — бачикиге жолугуп калышты.

«Бир айдан ашпаган кичинекей түлкү ийинден чыгып, эч коркпостон бизди карап турду. Бул жолугушууга таң калып, бачикини ийинде калтырып, андан ары сапарыбызды уладык», — дешет тынч аңчылыкты сүйүүчүлөр.

Эколог Александр Сосновский төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Жаз мезгилинде жаныбарлар менен канаттуулар көбөйө башташат. Эреже катары, жаңы туулган жаныбарларда адамдардан коркуу сезими жок болот. Адамдар көбүнчө гуманизм жөнүндөгү жалган ойлорго жетеленип, эмнегедир кичинекей жаныбар — кирпи, коён же түлкүнү жоголуп кетти деп ишенип, аны үйлөрүнө сүйрөп келишет. Муну жасоого катуу тыюу салынат, анткени аларды табият менен ажыратуу өлүмгө чейин алып келиши мүмкүн. Жогорудагы табият сүйүүчүлөр бачикиге тийбей, туура кылышкан. Дал ошол учурда тулкүнүн ата-энеси аларды бадалдын арасынан аңдып турушу мүмкүн эле», — деди ал.

Кыргызстандын аймагында адамдардын үйүнөн тамактанып, ноутбуктан видео көрүп кеткен түлкүлөр да болгон.

Мындан 7 жыл мурун Turmush басылмасы адамдар менен достошуп, көнүп калган Алиса аттуу түлкү боюнча жазган.

Жалал-Абад облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Дөдөмөл айылындагы тоодо жашаган түлкү телемунарада иштегендердин эшигин күн сайын бир маал каккылайт. Бул тууралуу телемунаранын кызматкери Эрлан Асаналиев билдирген.

Анын айтымында, алар жашаган үйдүн терезесине түлкү келип такылдата баштаган. Ага алгач терезеден тамак беришкен. Андан 2 күндөн кийин түлкү ачып койгон эшиктен үйгө кирип тамак иче баштаган. Ал жактагылар акылдуу түлкүгө Алиса деген ысым ыйгарып коюшкан.

«Алгач терезеден түлкүгө өзүбүз жеген тамак-аштан берип жүрдүк. Андан кийин үйгө чакырсак кирип келди. Ошондон бери үйгө киргизип, тамак бере баштадык. Атын Алиса деп атап койгонбуз. Үйгө киргенден кийин тамак ичет, андан соң сыналгы же ноутбуктагы видеолорду карап отура берет. Бир маалда өзү эле кетип калат. Бул түлкүнү атпайбыз жана башка бирөөгө бербейбиз деп чечтик», — деген Э.Асаналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE