Пример HTML-страницы

Баатыр эне Надира Туткучева элетте депутат жана мугалим болуп иштеп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushАйтматов районунун Кайнар айылынын 44 жаштагы тургуну Надира Туткучева мугалим болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 2004-жылы Талас мамлекеттик университетине филология факультетине тапшырып, аны 2010-жылы аяктап, кыргыз тили жана адабияты мугалими адистигине ээ болгон.

«Эмгек жолум 2002-жылы Кайнар орто мектебинде китепканачы болуудан башталды. Бала күнүмдөн окуганды жакшы көрчүмүн. Жаңы газета келсе эле сандан санга калтырбай окуп чыкчу элем. Китепканачы болуп иштегенде ар кандай иш-чараларды, адабий кечелерди уюштуруп, окуучулар менен тыгыз байланышта болуп, окууга үндөр элем. Ал эми 2006-жылдан баштап мектепте кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштей баштадым.

2013-жылы мектептин уюштуруу боюнча директордун орун басарлыгына кабыл алынып, 1,5 жыл жемиштүү иштөөгө аракеттендим. 2014-жылдын январь айынан баштап, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басарлыгына кабыл алынып, азыр да ошол кызматты аркалап келем. Азыркы учурда Көк-Сай айылдык кенешинин депутат айымдарынын биримин.

Мектепке жаңы кирген жылы 9-класска класс жетекчи болдум. Бир жолу классым сабакка кирбей, балдарды директор чогулушта классыңдын тартиби начар деп тургузду. Мен ошого ушунчалык намыстанып, балдарга тарбия саатын өткөнүм эсимде. Ошол учурда урушуп да айттым. Бирөө да унчукпай, каяша кылган эмес. Азыр ошол окуяны көп эстеп калам. Балдарым аябай оңолуп, мектеп боюнча мыкты класс болуп жогорку окуу жайларга кетишкен.

Дагы бир жолу мугалим ооруп калып, 2-класска математикадан сабакка кирдим. Биз чоң класска сабак берип көнгөн экенбиз, «эжеке үстүнөн канча жол, четинен канча жол калтырабыз?» деп сурай беришет экен. Улам сурай бергенден доскага «Бул кызыл чийик, жанында мындай клеткалар бар. Ошону бирөөсүн калтырып жазасыңар» деп доскага тартып көргөзсөм, «эжеке шатынын сүрөтүн тарта берелиби?» деп күлдүрүшкөн.

Мугалим болгондон кийин ар кандай окуяларга туш болосуң. Окуучулар бирде күлдүрөт, бирде ачуулантат. Бирок мен окуучулар менен бат тил табышканга аракет кылып. Алар менен кээде дос, кээде мугалим, кээде сырдашы болгонго аракет кылам», — деди ал.

Мугалим айым 7 баланы өстүргөн «Баатыр эне».

«Жолдошум Бакыт Бугубаев менен 1997-жылы баш кошконбуз. Атабыз колу жөндөмдүү, таза, тыкан киши. Үй чарбачылыгын аябай кылдаттык менен караган, тазалыкка аябай көңүл бурган киши. Азыр 3 кыз, 4 уулубуз. Таята, таене да болгонбуз, 2 жээн неберебиз бар. Кайын ата, кайын энемдин сүйүктүү келинимин. Алардын ыраазычылыгына ээ болуу мен үчүн бакыт», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE