Пример HTML-страницы

Оз бактымды огойдой коруп турдум

https://kyrgyzcha.site/?p=40619&preview=true Кызыктуу окуялар.

Оз бактымды огойдой коруп турдум

 

Биз менен бир палатада жаткан бул келиндин жоругу баарыбызды таң калтырат. Башка доктурлар кирсе унчукпай биз сыяктуу эле текшерүүдөн өтүп, ушул Кубат Асановичтин күзөтү болгон күнү обход болордо сыртка чыгып кетет, же үлгүрбөй калса жуурканга башын катып алат да, доктур чыгып кеткенче өлгөн немедей кыймылдабай жата берет. Кубат Асанович да бул келин жоктой маани бербей баарыбызды текшерип, анан адатынча жай, ойлуу басып чыгып кетет. Бүгүн да обход болордо тиги келин шашып сыртка чыгып кетти. Кубат Асанович кирип ал-жай сурашып жатып көз кыйыгын тиги келин жаткан жайга таштай, анан ичтен тына улутунуп алды. Бул ичке буккан үшкүрүктө бөксөрбөгөн бир арман бардай сезилди. Мени текшерип жатканда колдору болор-болбос калтырап тургандай сезилди. Мен бул жигитти мындай думуккан абалда көргөн эмес экенмин. Эчтемеден эчтеме жок эле аяп алдым. Кубат Асанович кагаз карап саамга унчукпай отурду да, анан:

 

– Сиз да бүгүн чыгасыз, – деди акырын.

 

– Ии, – деген менен “дагы кимди айтып жатат, эмнеге “сиз чыгасыз” дебей, “сиз да чыгасыз” дейт?” деп ойлоп кеттим. Кайра өзүмө күлкүм келди, тим эле жалгыз жаткансып, ушунча чоң ооруканадан менден башкасы деле чыгат да. Текшерүү бүткөндөн кийин сыртка чыксам короодогу жалгыз алманын түбүндө менин палаталашым жалгыз отуруптур.

 

– Алмалар гүлдөп калган тура, – дедим не дээримди билбей эле.

 

– Ушуларга кандай жакшы ээ? – деди ойлуу.

 

– Кимге?

 

– Алмаларга да.

 

– Неге?

 

– Эч кимди күтпөйт, өкүнбөйт, азгырылбайт. Табияттын буйругу менен унчукпай өз учурунда гүлдөп, өз учурунда мөмө байлап, анан унчукпай куурашат же адамдар отун кылып кесип кетишет.

 

Мен келинди таң кала карадым. Кызык, алмаларга суктанганы эмнеси. Келин саамга унчукпай отурду да, анан буулугуп жүргөн го, өзүнөн-өзү шыр төгүлдү.

 

— Ошол жазда өзгөрдүм, балким, өзгөргөнүмдү эч ким деле байкабаган чыгар. Өзүмдөн-өзүм эле бир орунга отура албай делбиреп эле бир жакка ашыгып, анымдан кайра өзүм буулугуп дүрбөлөң түшө бердим. Кыялкеч тартып, ошондон уламбы, мурдагыдай сүйлөөктүгүм да калып, жалгыздыкка ыктачу болдум. Бир күнү суу бойлоп жалгыз келе жатсам бирөө эле дүңүрөңдөп бирдемени тарткылап жатат. Акырын өтүп кетерде тиги адам баш көтөрдү. Бизден бир көчө ары жашаган Саткын жесирдин уулу Кубат экен. Бул жигит бизден эки класс жогору окучу. Ал тер баскан маңдайын аарчый берип жарк эте күлдү.

 

– Торпок тыгылып калыптыр, ушунча жайдан чөп табылбай калгансып тамырлуу даракка чалынып алганын карабайсыңбы? – деди оор дем ала. Мен унчукпай бурула берерде кайра суроо узатты:

 

– Сен кайдан?

 

– Ушундай эле, – дедим тартынып.

 

– Кел, жардамдашып койчу, – деди тик карап. Көздөрү ушунчалык тунук, анан карагаттай капкара экенин бүгүн көрдүм. Тим эле ичиндегинин баары бадырап жазылып тургансып кирсиз жайнайт. Басып кете албай жакын бардым. Ал мага бутактарды карматып коюп туйлаган торпокту тез эле чыгарып алды.

 

– Сенин келгениң ырас болбодубу, антпесе торпокту кармасам бутак кысып кыйналып аткам, — Кубат мени жандай берип, — сага карыз болдум го ээ? Кантип кутулам? Баса, коё тур, сенин сүрөтүңдү тартып берем, болобу? – деди таба койгон оюна кубанып кеткендей жайдарыланып.

 

Мен ийнимди кысып койдум. Сөз уланбай, ары бирөөлөрдүн көрүп калуусунан тартынып “мен кетейин” деп эринимди бүлк эттире уруксат сурап басып кеттим. Бир күнү күүгүмдө суу көтөрүп келе жатсам:

 

– Саадат, коё турсаң, – деди коңур үн, бирөө угуп койчудай акырын. Жалт карасам, Кубат туруптур. Мен да эки жагымды элеңдеп карап алдым. Ал менин жаныма тартына басып келди да, колума оролгон кагазды карматты, — сенин сүрөтүң, – деди негедир үнү калтырап.

 

Мен жооп бергенге да үлгүргөн жокмун, ал шыпылдай басып күүгүмгө сиңип кетти. Үйгө келип эле сууну ашканага коё салып шашып ачтым. Ачтым да, өзүмдүн карегиме кептелип чочуп кеттим. Тим эле тирүүдөй карап турат, капырай. Бир чети кубанып, бир чети апкаарып кеттим. Анан бирөө көрүп койчудай шашып каттым. Ошол күндөн баштап мендеги дүрбөлөң эки эсе көбөйдү. Кубатты көрсөм боюмду кайда катарымды билбей шашып калчу болдум. Менин бул абалым канчага созулат эле, ким билет. 8-Март майрамына карата мектепте кече өткөрүлүп, кечеден кийин дискотека болду. Биз Кубат экөөбүз биринчи жолу бийледик. Анын колдорунан өткөн ысык белимен түз эле жүрөгүмө агып кирип жаткансып ысып күйгөнүм али да эсимде. Кече акырлап калганда Кубат мени унчукпай эле сыртка жетелеп жөнөдү. Негедир каршылык кылган жокмун. Сыртта ай төгүлүп, аба жаз, көпшүгөн топурак жыттанып турган экен.

 

– Саадат, тиги жерге батпай кеттим, капа болбосоң бир аз басалы ээ? – деди көзүмө тик карап. Бул каректер аалам жаткандай терең, анан сүрдүү эле. Унчукпадым. Биз бир оокумга чейин ар нерсени сүйлөшүп, кээде тек гана катар басып көпкө жүрдүк. Ошол түндөй кооз, жанга жылуу, дилге шерик түндү кийин көрбөдүм.

 

Биздин мамиле оболу менин курбуларыма, анан мектепке, анан айылга дайын болду. Бир күнү сүт тартып отурсам кой айдап кеткен апам кумсарып кирди да, бирдеме дегенден чай ичип отурган атамдан тартындыбы, мени ымдап сыртка чакырды:

 

– Саадат, кел, тиги унду салышып кой, сүттү атаң кылдырата турат, – деди үнү да каргылданып.

 

– Унуңду анан алсаң болбойбу? – деди атам корс.

 

Апам ойдолоктоп кайра чыгып кетти, сыягы, чыдай албады окшойт, кайра кирип:

 

– Кызың бой жетип калган тура, – деди атама.

 

– Эми көрдүңбү? – деди атам апама карабай чайын шоркурата уурттап.

 

– Мен көрбөй көзүм кашайсын, менден мурун эл көрүптүр, кызыңдын бой жеткенин. Апам бир жыландын башын кылтыйтып жатканын сөз күүсүнөн байкай кыпылдап отурам. Сүт да түгөнбөй чууруй берди.

 

– Дагы кайсы ушакчы катындын сөзүн угуп келдиң? Кызымдын тезегине куурай сайышпай өз кыздарын карап алсын, ошол ушакчыларың. Кыларга иши жок ушу катындар кутурду, – деди атам бурк эте. Анан этегин кагып туруп кетти. Апама Кудай берди, атам чыгары менен санымдан аткый чымчып алды да, анан жаагы-жаагына тийбей сүйлөп кирди:

 

– Ботом, сен эмне, эрсиреп калдыңбы ыя? Андай эле эрге тийгиң келсе башкасы менен сүйлөшпөйсүңбү? Тиги Саткын жесирдин томаяк уулу Кубат менен шынаарлашпай. Капырай, элдин кызы бешиктен бели чыкпай жатып эрдин байын, тыңын тандайт экен. А бул шерменде болсо кайдагы бир унчукпас бирөөнүн томаяк уулун тандаптыр.

 

Саткын эже көп сүйлөчү эмес, дайым бир кунунда, бир сынында жупуну жүрөр эле.

 

– Апа, болдучу, – дедим не дээримди билбей.

 

– Неге болот экен, Кубаттын эмнесин жактырдың, кемтаалай? – деди апам алкынып.

 

– Эмнеси жакпай жатат? – дээрин деп алып коркуп кеттим. Апама каяша айтканым ушул болчу.

 

– Иий, өлүк-тиригиңди көрөйүн, шерменде, “эмнечи жакпай чатат?” деп коёсуң да! – апам мени келекелей тилин чайнап сүйлөдү. Ачуусу келгенде ушинтип калат, — аның жарты тыйын калың бере алабы? Куда болгондо маңдай терлетип чай бере алабы ыя? Мен сени ошол томаякка арнап багыпмын да ээ? Тиги жүк тиреген септи эмне, бекер карматамбы, шерменде?

 

Унчукпай кулагымды жапырып кутулдум. Бирок бул чуу ошону менен токтоп калган жок, апам кажый берип атам да тажадыбы, бир күнү:

 

– Кызым, мен сени окутам деп жүрөм. Апаң эле тиги Саткын жесирдин баласы Кубатты айтып тажатты. Ошол баладан алыс эле жүрчү, – деди мени тик карай албай. Кулагыма чейин чыккан ысыктан башым дүңгүрөй сыртка атып чыктым. Ай, апам ай, сага байлык, сеп, каада жогору беле? Ушинтип ойлогон менен апама каршы чыгуу өжөр агымга каршы сүзүү менен барабар болчу. Акырындап Кубаттан кача баштадым. Бирок мага бул оңойго турган жок. Анын коңур үнүн, жүрөгүмдү сылап кетчү жумшак күлкүсүн, колдорунун табын сагынып кусаланчу болдум. Андай түндөрдө кирпик какпай көзүм чакчайып, баарын жыйыштырып туруп ар дайым чыгып жүрчү айнектин жарты көзүнөн дагы качып чыккым келип үйгө батпай кетер элем. Бирок ага да эрким жетчү эмес. Бир күнү апам мени кошуна эженикине ачыткыга жиберди. Демейде “караңгыда ак албагыла” деген апам ой-боюма койбой жөнөттү. Анан чыгып баратсам:

 

– Алдагы көйнөгүңдү алмаштырып алсаң боло, каракчыдай болбой. Сени бойго жеткен кыз дейт. Көргөн-билген “бу Каныш кызына карап койбойт экен” дебейби, – деп наалып жатып атлас көйнөгүмдү кийгизди. Турган эженин үйүнө жете берерде бирөө билектен алды. Коркконуман үнүм да чыкпай аптыктым.

 

– Коркпо, мен Кубатмын, – деди жанга жакын үн. Мен эркимен сырткары анын бооруна ыктай бердим. Коңур үнү, атыр аралашып тер жыттанган кермек жыты баары жагымдуу эле, — кайда баратасың караңгыда? – деди үнү калтырап.

 

– Апам ачыткыга жиберди, – дедим мен да калчылдап.

 

– Караңгыдабы? – Кубат алда неге ызаланып тургандай кычкыл сүйлөдү. Мен үнсүз Кубаттын карегине суроолуу тигилдим.

 

– Апаң сени тиги Ашыр уурунун уулуна бергени жаткан турбайбы, – деди үшүп жаткансып калчылдап.

 

– Ким айтты? – дедим бүткөн боюм дүр эте. Көз алдыма бою кортойгон семиз Манап тартылып кетти. Ашыр деген колхоздун эсепчиси болот, негедир баары “Ашыр ууру” дешчү. Бүт айыл ошолордон карыз алып, короосунан жакшы кой, өрүшүнөн мыкты жылкы үзүлчү эмес.

 

– Ашыр уурунун баласы Манап өз оозу менен мага жана эле “апасы өзү жеңеме айттырыптыр, бүгүн жолугушууга Турган жеңенин үйүнө Саадат өзү келет” деп мактанды”, — деди ызалуу.

 

Апам эмне эле мени караңгыда бул жакка жөнөтүп калды десе…

– Айта беришет, мен эмне, буюм белем, кармата салгыдай, — дедим арсар. Канчалык ызаланып турсам да алсыздыгымды туюп аргам куруп турду.

 

– Алар үчүн сенин буюмдан айырмаң кайсы? Эгер макул десең азыр алып кетем, — деди чечкиндүү.

 

– Кантип азыр? — коркконуман бутум калтырап, капыстан суу уурттап алгандай аптыгып кеттим.

 

– Ушинтип эле, жетелешебиз да кетебиз.

 

– Мектепти кантем, апам не дейт? Элге шерменде болбоймунбу?

 

– Ашыр уурунун баласына тийсең шерменде болбойсуңбу?

 

– Билбейм, — дедим бетимди кош колдой баса айлам куруп.

 

– Саадат, сен мени сүйөсүңбү? — деди ал көзүмө тик карап. Айлана күүгүм тартып эч нерсе даана көрүнбөй турса да мен анын балбылдаган каректерин даана көрдүм. Кубаттын карегинде жүрөктү куйкалаган от турду. Не деп жооп береримди билбей апкаарыдым. Канча түндөр ичимен «Кубат, мен сени сүйөм» деп кайталасам да бул жолу бул сөздү айтуудан оор азап жоктой сезилип жонуман ысык тер кетти.

 

– Демек, сүйбөйсүң, — деди Кубат айламды кетирип.

 

– Кубат, мен апамды кыя албайм, — дедим титиреп.

 

– Демек, “апамды кыя албайм” дегениң — Манапты сүйөм дегениң.

 

– Кубат, мени күйгүзбөчү, ошол кортойгон неменин эмнесин сүймөк элем, мен сени… — андан аркысын айта албай тумчуккан мени Кубат бооруна кыса өпкүлөп жиберди. Бул анын биринчи өбүшү эле. Жүзүм дуулдап, дене боюмду бир башкача жагымдуу сезим аралап, бул эмне деген бой балкыткан ажайып сезим экенин талдай албай Кубатка кыналдым.

 

– Кеттик, карегим, кетеличи, мектепке биздин үйдөн барасың. Мугалимдер менен апам сүйлөшөт, алар апамды угушат, — деди шашкалактай колдорумду кармалап. Чын эле Саткын эжени бүт айыл сыйлачу. Жаш кезинде мугалим болуп иштеп, кийин оорукчан болуп үйдөн чыга албай калган эле. Кан басымы көтөрүлгөн оорусу күйөөсү өлгөн соң ансайын күчөп, басканда энтигип кара көк болуп турар эле. Кубатты ээрчип басып кетким келип турса да апамдын, айрыкча атамдын «мен сени окутам деп жүрөм» деп ишеним менен караган көздөрү карегиме тартылып чайналдым.

 

– Жүрчү, Сакиш, кеттик. Бул учур кайра келбейт. “Бакыт, сүйүү бир эле жолу келет” дешет улуулар. “Кийинки бакыт, сүйүү ошонун көчүрмөсү болот” дешет, — Кубаттын каадалуу кишидей бул сөзү жүрөгүмдү бир булкуп алды. Биз канчага турат элек, ким билет, бир оокумда шаша басып келе жаткан апамдын тааныш караанын көрүп колумду Кубаттын колунан кантип сууруп алганымды билбей калдым.

 

– Апам… — дедим аптыга.

 

– Коркпо, апаң менен мен сүйлөшөм, — деди Кубат токтоо. Бирок үнү калтырап турду.

 

– Коё берчи, Кубат, ал түндө биздин жайга кел, ошондо сүйлөшөбүз, — дедим коркконумдан калчылдап.

 

– Жок, анда кеч болуп калат, — деди Кубат көшөрүп. Аңгыча апам жакын келип калды да, короонун бурчунда турган бизди даана тааный албай бүшүркөй жакындап келди. Ушул учурда жер жарылып кетсе кирип кетүүгө даяр элем.

 

– Саадат, сенби? — деди ишенип-ишенбей.

 

– Жакшысызбы, Кыздаркан эже? — деди Кубат акырын.

 

Апам Кубатты көрбөй калганда унчукпай жолунан түртүп салып мени колдон алууга умтулду. Кубат мени булка тартып артына өткөрдү да:

 

– Жакшысызбы, Кыздаркан эже? — деди бул жолу үнү өктөм.

 

Апам Кубаттан мындай өктөмдүктү күтпөсө керек, саамга сөзүн жогото туруп калды да, анан өз ыкмасына сала кыйкырып кирди.

 

– Өлүк-тиригиңди көрөйүн, томаяктын баласы, сен мага үн көтөрүп сүйлөгөнгө батынып калдыңбы? Сенин саламыңа жутаган ким бар экен. Тур мындай, коё бер тиги шермендени! — деди алкына.

 

Кубат дале мени артына калкалай токтоо үн катты:

 

– Биз, Саадат экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз. Кызыңыз бактылуу болсун десеңиз, батаңызды бериңиз. Мен баары бир Саадатты алып кетем, — деди ишенимдүү.

 

Мен болсо Кубаттын «экөөбүз бири-бирибизди жакшы көрөбүз» деген сөзүнөн уялып турдум. Бул касиеттүү сөздү минтип шар айта салат деп күтпөгөм.

 

– «Жакчы көйөм» деп. Сага эле ким кызын бере коёт экен. Ушу сенби, менин кызымды бактылуу кыла турган? Үрүп чыккан итиң жок, эмнең менен бактылуу кыласың?

 

– Кеп үрүп чыккан итте бекен, Кыздаркан эже? Анчалык катуу кетпеңиз. Ашыр уурунун элдин акысы менен топтогон мал-дүнүйөсү кызыңызды бактылуу кыларына ишенсеңиз, анда сиз менен сүйлөшүүнүн да кажети жок тура. Жүр, кеттик, Саадат, бактылуу кыларыма сен ишенсең болду, — деди мени колдон алып.

 

– Кетип көр, топурагымды түйүп берем, — деди апам ызырына тиштенип. Апамдын кумсарган өңү, ызырынган заар үнүн анын бул айтканын аткарарына кепил болуп турган мен Кубаттын колунан колумду сууруп алганда Кубат мени ушундай карады, бул карашта ичтен сызган ажыроо кайгысы, аёо, жек көрүү, айтор, сөз менен айта алгыс сезим жаткан. Мен жер караган бойдон унчукпай апамды ээрчидим. Жүрөгүм артыма тарта ичимден бирдеме үзүлүп кеткендей дилим сыздап, жан дүйнөм, тилектерим баары Кубат менен калгандай бопбош денемди сүйрөп бараттым.

 

Ошол жылы жайында мектепти бүтөрүм менен мени Ашыр уурунун кортогой баласы Манапка күйөөгө узатышты. Менде кайгыруу да, серпилүү да болгон жок. Тек гана апамдын жетеги менен башкага бөлөк, жат короого сатылган малдай бир каяша кылбай барып кошулдум. Азаптын баары күйөөгө чыкканда башталды. Кеч кирген сайын кышылдаган Манаптын жанында жатарымды, анын быртыйган манжалары менен ар жеримди аткый кармап эзгилеп: «Кубат кантип өпчү, кантип эмчегиңди кармачу, эмне, менин кармаганым окшобой жатабы?» — дей берген беймаза кылыгы элестеп жүрөксүтчү. Мен болсо унчукпай, талуу жеримди мычкыганда көзүм караңгылай, үнсүз солк эте онтоп алып жата берчүмүн. Жаагым ылдый сарыккан жашты көргөн Манап кышылдай күлүп:

 

– Ии, Кубатка эмчегиңди карматып жатканда Манаптын дүнүйөсүнө кантип актайм деп ойлош керек эле. Биз сага кош-коштоп мал айдап, кабаттап сарпай кийгизгенде Кубатың кыңк дей албай калып кетти го. Болбосо «Саадат сулуу меники» дегенсип керсейип жүрдү эле, энеңди… — деп сөгүнүп алат да, анан моокуму кангандай коркурап уйкуга кетет. Күн сайын ушул.

 

Мени алты айдан кийин төркүлөтүп алып барды. Апам тим эле буту-бутуна тийбей, келиндеринин баарын бөйдөй кууруп кызмат кылдырып тосуп алды. Кетерде каларымды айтсам, апам:

 

– Манап не дейт? — деди бөйпөңдөп, — неге калмак элең, бас, көп сүйлөбөй. Сен калсаң, үйдөгү тиричиликти ким кылат? — деди кортоё күпүлдөп.

 

– Апа, жүрсөңүз, — дедим акырын. Апам мени ээрчитип төркү үйгө кирди. Мен дароо жакамды чечип, көкүрөгүмдү ачып жибердим. Апам менин кара көк болгон көкүрөгүмдү карап оболу не болгонун түшүнбөгөндөй карап турду да, анан оозун баса онтоп ийди. Эскилери саргыч тартып, анан карайып, жаңылары кыпкызыл боло ысып күйүп турган көкүрөгүмдү караган бойдон каткан апам саамга үнсүз туруп калды.

 

– Мына, апа, сиз “бактылуу кылат” деген адам. Мен азапта калдым. Күн сайын ушул.

 

– Кой, кызым, күйөөнүн таягы — май. Койлуу катын куйрук жейт, эрлүү катын таяк жейт. Тиги Кубат менен болгон мамилеңди уккан го, бул да. “Ошону кой”, — дегем сага…

 

Апамдын сөзүн бүтүрбөй сыртка атып чыктым. Апама ошондо катуу таарындым. Баягыда апамды каратып туруп Кубатты ээрчип кетпегениме бармагымды жара тиштеп, жүрөгүм дал-далынан айрылып ыйлап бараттым. Бир күнү кечке маал сууга барсам Кубат талдын далдаасында олтуруптур. Көрүп эле артыма кетенчиктедим.

 

– Коркпо, сени менен коштошоюн деп эле келдим. Мен окууга кетип атам. Доктур болууну чечтим. Апамды айыктырып алсам деген гана тилек калды менде.

 

– Дагы кандай тилектериң бар эле? — дедим каргылдана.

 

– Сүрөтчү болсом, апамдын, сенин сүрөтүңдү тартсам, анан ошол акчага апамды дарылатсам дечүмүн. Эми анын баары маанисиз. Кош, сен менин балалык эле эмес, бүтүндөй өмүргө жетчү арзуум элең. Эми баары көчүрмө болот го.

 

Мен унчукпай ыйлап аттым.

 

Ошол бойдон Кубатты көп жыл көргөн жокмун. Манаптын ур-токмогу көбөйсө көбөйдү, азайган жок. Канчалык кетип калгым келсе да апама өчөшүп, ары бир кездеги арзуумдун кадырына жете албаганым үчүн өзүмдү-өзүм жазалап жашай бердим. Арадан алты жыл өткөндө тун уулум төрөлдү. Балам төрөлгөнгө чейин кайнатам баш болуп «ушунча мал-дүнүйө кетирип ушул согончогу канабаган куу такымды алдык беле» дешип кулак-мээмди жеп басынтышты. Мен буга да кулак жапырып, куду кунга келген күңдөй унчукпай кызмат кылып, оту менен чыгып, күлү менен кирген өмүр өттү. Бирок тун уулум төрөлгөндө деле менин абалым өзгөрүп кеткен жок. Экинчи балам төрөлүп, кыркым чыга электе Манап мас болуп келип катуу сабап салды. Белимден жаракат алып эс-учумду билбей келип ушул жерде көзүмдү ачтым. Менин жанымда отурган мээрман айым:

 

– Сиздин өмүр үчүн Кубат Асанович тим эле башын сайып күрөштү. Жаныңыздан сиз эсиңизге келгенче карыш жылган жок, — деди күнөөсүз көздөрүн жайнатып. Мен Кубаттын атын угарым менен дароо тааныдым. Кубаттын атасы Асан агайдын атын биздин айылда баары билчү да. Качан Кубат мени көргөнү киргенде жалооруй карап туруп:

 

– Коркпо, баары артта калды, эми басып кетесиң. Сени баспай калабы деп корктум эле. Белиңе эмне тийди эле? — деди кусалуу карап.

 

“Манап тепти эле” деп кантип айтам?

 

– Операцияны сен жасадыңбы? — дедим араң эриндеримди кыбыратып.

 

– Ооба, эмне, каалаган жок белең?

 

– Мени кечир… — дедим жашымды мууна жутуп.

 

– Мен сени эчак кечиргем. Бактылуусуңбу?

 

– Сен кандай деп ойлойсуң? Сенсиз бактылуу боло албасымды сен баягыда апамдын колунан мени талашканда эле айтпадың беле. Мен сенсиз эч ким боло алган жокмун. Жароокер жар да, бактылуу аял да болбой калдым. Эне болдум, бирок негедир балдарым да меники эместей.

 

– Антпе, кеп баланын атасы ким экенинде эмес, аларды сенин төрөгөндүгүңдө.

 

Мен аны армандуу карап жаттым да, анан ошол күнү Манаптан таптакыр кетеримди, кайтып барбасымды түшүндүм. Мен анын жары тууралуу сурай алган жокмун. Анткени кээ-кээде айылдагы жеңелерден жакшы жары, акылдуу балдары бар экенин укчумун. Апасын да шаарга алып кеткенине көп болгон.

 

Жалпы палатага алып чыкканда мени көргөнү келген апам көпкө ыйлады да, анан:

 

– Кечир, кызым, мени кечире албасаңды билем, ошентсе деле үзүр сурап коюу — парзым, кулунум. Сени мен бактысыз кылдым, — деди да, көз жашын сыдыра аарчып чыгып кетти.

 

Мага азыр Кубаттын көзүн кароодон оор нерсе жок. Анан да мен Кубаттан эмес, өз бактымды көрүп, бирок анын меники эмес экенине ынангым келбей жашынам. Эртең чыгам, Кубатка кайра жолукпасам экен деп тилейм.

 

Саадат сөзүн кандай күтүүсүз баштаса, ошондой күтүүсүз бүтүрүп мени менен коштошпой басып кетти. Эрте менен турсам Саадаттын орду бош, шейшептерин да жыйнап коюшуптур. «Кеткен экен да, кайран келин», — дедим ичим ачышып. Ошол күнү да Кубат Асанович обходго кирди да, Саадаттын ордун умсуна кусалуу карап өктөлүү оор күрсүнүп алды.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE