Пример HTML-страницы

Кара-Көлдө иш издеген тургундарга 100дөн ашык жумуш оруну сунушталды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 18-апрелде Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында бош жумуш орундарынын жармаңкеси өттү. Бул тууралуу шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жармаңкеге, кесип тандоо, кесипке багыт берүү иш-чарасына шаардык мэриянын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын жетекчилер, тургундар жана 9-10-11-класстардын окуучулары катышты.

Шаар ичинен 82 жана жакынкы район-шаарлардан 28 бош жумуш оруну жарыя бурчуна илинди. Иш-чарага келген жумуш издөөчү жарандар өздөрүнө ылайыктуу жумуш карап, иш берүүчүлөр менен баарлашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE