Пример HTML-страницы

Жумгалдын борборунда таштандыга болгон төлөм жогорулады. Бирок соодагерлер нааразы

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЖумгал районунун борбору Чаек айылында таштанды чыгарууга болгон төлөм жогорулады. Бул тууралуу айыл өкмөттүн алдында түзүлгөн муниципалдык ишканадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинен тарта жеке жактар 50 сомдон 100 сомго чейин, коммерциялык жактар 150-200 сомдон төлөп келишкен. Учурда жеке жактарга төлөм 500 сомго көтөрүлгөн.

Бирок соодагерлер күн сайын чыгарган таштандылары үчүн бул төлөм көп экенин айтып, айрымдары төлөөдөн баш тартышууда. Ал эми жергиликтүү бийлик бул баа коммерция кылгандарга аз экенин айтып, буга макул болууларын түшүндүрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE