Пример HTML-страницы

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкүлдөрү коопсуздук чараларын талкуулашты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushОш шаарында 30-апрель күнү Ош ШИИБдин башчысы Дамирбек Исаков Өзбекстандын Ош шаарындагы башкы консулу Зафарбек Ахмедов менен жолугушту.

Жолугушууга Ош ШИИБдин башчысынын орун басары Таалайбек Нурбаев, экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Нургазы Калматов жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түштүк аймагы боюнча атташе Медербек Ташиев да катышты.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелеринин жакшырып бара жаткандыгын белгилешти. Аймактагы коопсуздук чаралары боюнча талкуулашып, кылмыштуулуктун бардык түрлөрү боюнча биргелешип алдын алуу иш-чараларын жүргүзүүнү, бул багытта маалыматтык байланышты күчөтүүнү макулдашты. Өзбекстан тарап аймактагы коопсуздук багытында аткарылып жаткан биргелешкен аракеттерди колдой тургандыгын айтты.

«Бүгүнкү күндө өз ара мамилелерибиз жакшы нукка түшүп бара жаткандыгы кубанычтуу. Бул коопсуздук багытына дагы таандык. Кылмыштуулуктун чек арасы жана улуту болбойт. Биз Сиздер менен коопсуздук жаатында кызматташууга дайыма даярбыз»,- деди Дамирбек Исаков.

Зафарбек Ахмедов кыргыз тараптын Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасынын аймагында окуп, иштеп жана турист катары келген жарандарынын коопсуздугын сактоода жасап жаткан аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE