Пример HTML-страницы

Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» чыгармасындагы Ысмайыл жашынган үңкүр азыр да бар

Кыргыз спорт жанылыктары
Turmush

Жазуучу Чыңгыз Айтматов дун «Бетме-бет» чыгармасындагы каарман Ысмайыл жашынган Шекер айылындагы үңкүр азыр да бар. Бул тууралуу Turmush басылмасына аймактык кабарчыга Шекер айылынын тургундары билдиришти.

Алардын айтымында, айылдын түштүк тарабындагы үңкүрдүн ичи абдан терең. 20-25 метрден кийин аба жок болгондуктан андан ары жүрүүгө мүмкүн эмес. Чынында Ысмайыл ушул үңкүрдө жашынып күн кечирген. Бирок окуя чыгармада жазылгандай болгон эмес.

«Чыңгыз Айтматов «Бетме-бет» чыгармасын 2 жолу жазган. Биринчисинде Ысмайыл патриот эмес, качкын катары каралса, экинчисинде үй-бүлөсүн ойлогон, чет жерде өлгүсү келбеген адам катары жазылган. Чынында Ысмайыл согуштан качып келген соң байлардын малын уурдап келип, үңкүрдө союп, кембагалдарга билгизбей таратып кетип турган. Аны айыл аксакалдары жакшы билет», деп эскеришет шекерликтер.

Ысмайыл жашынган үңкүрдөн айылды көздөй 1-1,5 метр тереңдикте түтүк кетет. Андыктан үңкүр мурда кыш жасаган жай болсо керек деген божомолдор бар. Үңкүрдүн ичинде 4-5 жакты көздөй кеткен жолдор бар. Алар кайда алып бара турганы белгисиз. Азыр бул жерди жер үй деп аташат. Үңкүрдүн айланасы көрүстөн катары колдонулат.

Шекер айылы турган жердин түштүк тарабы мурда шаар болсо керек деген жоромолдор да айтылат. Себеби казуу учурунда тиричиликке керектүү чоподон жасалган буюмдардын калдыктары табылып калат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE