Пример HTML-страницы

Ош шаарындагы Ош көчөсү кеңейтилүүдө. Кызыл сызыктан чыккан имараттарды бузуп жатышат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Ош көчөсү кеңейтилип, оңдоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шумкарбек Пайзиев билдирди.

Анын айтымында, жолдун эки четине тротуар жана арык курулуп, жарыктандырылат.

«Ош көчөсүнүн узундугу 450 метр, туурасы 12 метрди түзөт. Жолду оңдоп-түзөө иштерине жалпысынан 10 млн сом каралып, «Экспорт плюс» ЖЧК куруп жатат», — деди Пайзиев.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалымат боюнча, «ЭКСПОРТ ПЛЮС» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси — Нуров Батыр Умарбекович, түзүүчүсү — Кабылбек уулу Исламбек. Компания 2022-жылы 24-июнда кайра каттоодон өткөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу.

Ош шаардык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси Мирлан Өмүралиев кызыл сызыктан чыгып кеткен имараттар буздурулуп жатканын билдирди.

«Бүгүнкү күндө Ош шаарынын деталдык пландоо долбоору бекитилип, иштеп жатат. Долбоордо Ош көчөсүнүн кызыл сызыгынын кеңдиги 50 метрди түзөт. Бүгүнкү күндө кеңейтилип жаткан жол 12 метр. Учурда кеңейтүү иштери жүрүп жатат», — деди Өмүралиев.

Ош көчөсүнүн Ж.Раимбеков көчөсүнөн Ж.Бабараимов көчөсүнө чейинки бөлүгүнө асфальт төшөө, капиталдык оңдоп түзөө иштерине байланыштуу унаа кыймылы үчүн жол убактылуу жабылды.

Ош шаарынын борбордук бөлүгүнүн деталдык планы:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE