Пример HTML-страницы

“АТА” ДЕГЕН КИМ ӨЗҮ?

https://kyrgyzcha.site/?p=56918&preview=true Пайдалуу кеңештер.

“АТА” ДЕГЕН КИМ ӨЗҮ?

АТА ушундай зат, анын бут кийими чоң болгонуна карабай кийип көрөсүң.АТА ушундай зат, күн бою эмгектенип, акча таап, сенин курсагыңды тойгуpeg?окутуп, адам катарына кошуу үчүн тынбай аракетте болгон мээнеткеч инсан… Ал күн бою мээнет кылат. Кайсы учур болбосун ал дайым тоодой түйшүктөр менен жүрөт. Сени багам деп иштеп жүрүп, ар кандай кагуу-силкүү, көңүл үшүтөөрлүк сөздөрдү да укпай койбойт…

Жетекчисинен катуу сөз угуп эле калбастан, айрым адамдар менен пикири келишпей, көңүлү чөгүп калышы да мүмкүн. Бирок ал мунун баарын көтөрөт. Анысы аз келгенсип, үйгө бара жатканда көңүл ооруткан сөздөрдүн баарын сыртка калтырып, ар дайымдай дүкөнгө кирип, сен үчүн шириндиктерди алып келген да АТА… Жашоо түйшүктөрү анын жүзүн нечендеген бырышка бөлөгөн болсо да, ал сенин ар бир күлкүңө , кубанычына шерик болуп биргеликте күлө ала турган инсан да АТА … Сени кучактап бардык түйшүктөрүн, кыйынчылыктарын унутат…

АТА ушундай адам, жумуштан келе жатканда шашылып, сен үчүн момпосуй албаганын билген соң, эшик босогосуна жеткенин карабай, кайра дүкөнгө барып, сен үчүн шириндик алып келет. Бирок ал бул нерсе үчүн зерикпейт, эч качан сен үчүн кылган нерселерин милдет кылбайт. Эгер сен телефон чалып калсаң, кандай жумуш менен алек болбосун, аларды четке сүрүп, сени угууга даяр. Эгер бир нерсе сурасаң, колунан келишинче ошол суранычыңды аткарууга аракет жасайт. Аткарат дагы! Эгер табың кайтып сыркоолоп калсаң, ата байкуш өзүн коёорго жай таппай калат. Жада калса сен үчүн жанын да берүүгө даяр. Жоро-жолдошторунун жанында, сенин бар экендигиңди айтып мактанат. “Бул менин уулум, жөлөгүм, кеңешчим, менин бар дүнүйөм”,- деп айтат. Атаң байкуш сенин бар экендигине кубанат…

Уул

Сен ошол атанын уулусуң. Убагы келип сен да чоңоюп бойго жетесин. Качандыр атакеңдин бут кийимин кийүүгө болгон каалооң канчалык бийик болгон болсо, бойго жетип, чоңоюп, акыл кирген сайын, дал ошол бут кийимди колун менен кармап, ары жылдырып коюуда жийиркенип баштайсың. Анткени аны эски, керексиз буюм катары көрөсүң. Анын кийип турган кийими, минип жүргөн машинасы дагы эч ким суктанбагандай буюм катары көрүнө баштайт көзүңө. Караган сайын мурдуңду чүйрүйсүң. Анын жүрүм – турумунан, өзүн алып жүрүүсүнөн уяла баштайсың. Досторуң менен чогуу турганда, маңдайыңдан чыгып калуусун, ал атаң экендигин алар сезип калышын эч каалабайсың.

“Ие атаң ушулбу?”, -деген суроодон коркосуң. Бирок сени досторуңан кем болбосун деп, өзү эски купайкеде жүрсө да, сага кымбат баалуу кийимдерди сатып берген го. Сен кымбат баалуу кийимдерди кийип алып, курдаштарыңа мактанып койгонсуң. Эгерде алар сенин ким экениңди атаңдын кийип жүргөн кийимдеринен, жүрүм-турумунан, кебетесинен билип кала турган болсо, алар сени жек көрө баштайт. Сенин чыныгы жүзүң билинген соң, алар сени өздөрүнүн катарынан таптакыр четтетип коюшу дагы мүмкүн. Сен мына ушул нерседен коркуп, “Атаң ушулбу?”,- деп таңдана сурагандарга , сен: “Жок, бул байке бизге жакын жашайт, коңшубуз болот. Эми жөн гана мени эркелетип уулум дей берет”,- деп коюудан да тайбайсың.

Эгер атаң телефон чалып калса, эптеп шылтоо таап, анын чалуусун албоого аракет кыласың. Анткени дагы бир көйгөйүн айтып, же акча сурайт деп ойлойсуң. “Жумушта же чогулуштамын, азыр бош эмесмин” деп SMS жазып жиберишиң да мүмкүн. Эгер атаң сыркоолоп бир жери ооруп калса, чынчыл адам болгонсуп, бир туугандарыңды издеп чалып чыр чыгара баштайсың. Анысы аз келгенсип аларга “Атамды баарыбыз тең карашыбыз керек. Сен тамак – ашын кара, мен дары – дармегине жардам берейин. Сен бир күн, мен бир күн жанында бололу”, – деп буйрук бере баштайсың. Чын чынына келгенде, эртеден кечке атаңдын жанында болууга сенде убакыт деле жок. Дары – дармегин алып берген соң, жанында болушум шарт деле эмес деп ойлойсуң.

Бирок АТА байкуш сенин дары – дармегиңе эмес, сенин көмөгүңө, мээримиңе муктаж болот. Ал сен аркылуу күч – кубат алат. Атакең сен үчүн кылган нерселердин, сен бирөөсүн да ал үчүн кыла албасаң деле, ал сенин жүзүңө салып, эч качан милдет кылбайт. Сенин жаман жоруктарыңды унутуп, кымыңдай кылган жакшылыгыңды тоодой кабыл алган инсан бул, албетте АТА. Эгер Кудай бизге оомат берсе сүйүнүп, азап берсе бизден мурда күйүнүп, эх аталар ушунчалык күчтүүсүңөр дегим келет.

Ата сен катуусун, сүрдүүсүн күзгү сымал… сага баары каранып, таалим – тарбия алышат. Аталар аман болсун!

 

ӨТӨ МААНИЛҮҮ СӨЗДӨР ЭКЕН.~

Ийгиликсиз никеде жылдарыңды короткончо, татыктуу түгөй издөө менен жылдарыңды коротконуң жакшы.

Табышмактуу аялдар жок, жандырмагын таба албаган эркектер бар.

Мени чындык менен соксоң сок, бирок эч качан жалган менен аяба.

Эч ким сенин көз жашыңа татыктуу эмес, татыктуулар сени эч качан ыйлатпайт.

Аркаңа карап кылчайба. Ар убак алдыга жүр. Сага керек адамдар, өздөрү сени кууп жетет.

Сенин бирөөгө берген эң баалуу белегиң — бул убактың. Анткени, сен эч качан кайтарып алалбас мүнөттөрүңдү берип жатасың.

Эрди-катын бирине көз, бирине кол болуусу керек. Колуң ооруганда көзүң ыйлайт. А көзүң ооруганда, колдоруң жашыңды аарчыйт.

Сени сатып кеткендерге дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүү, биринчисинде ата албаган адамга, экинчи ок берүү менен барабар.

Жүз жолу жардам берсең да унутуп койушат. А бир жолу баш тартып койсоң, өмүр бою эстеп жүрүшөт.

Экөөңөрдүн таанышканыңарга бир жума, бир ай, бир жыл болобу, маанилүү эмес. Башкысы ал адамды сагынсаң, демек, сенин жүрөгүңдүн эшигин ача алды.

Мени жек көргөн адамдар бар, жек көрө беришсин. Мени жакшы көргөн адамдар бар, жакшы көрө беришсин. Арада мени жаман көрүп, бирок жакшы көрмөксөн болгон адамдар да бар. Мына ушундай адамдарды жек көрөм.

Улуу адамдар кээде жаш балдардан да ашып, жомокко муктаж болушат.

Алла бизге эки көздү көрүүгө, эки кулакты угууга, эки колду кармоого, эки бутту басууга берип, бирок эмнеге бир эле жүрөк берген? Себеби, экинчи жүрөктү биз издеп табуу үчүн, башка адамга берген экен.

Аял затынын айырмалуу куракта гүлдөйт дегендери акмакчылык. Аял заты айырмалуу эркек менен гана гүлдөйт.

Баткакка түшкөн алтын, баарибир алтын бойдон калат, а чаң канчалык бийикке чыкпасын, өмүр бою чаң бойдон калат.

Эч нерсе эрте же кеч болбойт. Баары өз убагында гана болот

 

АМАЛДАР НИЕТКЕ ЖАРАША БОЛОТ…

 

⭐Бир падыша шаарына ааламда жок кооз мечит салгысы келет. Адамдар мечитимди көрүп суктанышып, мени гана мактап турушсун деген ниет менен мечит курууга эч ким жардам бербесин деп өкүм чыгарат. Арадан күндөр өтүп көз жоосун алган мечит курулуп бүтөт. Падышанын күткөнү да ушул болчу. Ал, дароо мечиттин дубалына өз атын оюп жаздырат. Арадан бир аз убакыт өткөн соң падыша түш көрөт. Түшүндө бир периште келип, мечитке жазылган атын өчүрүп, ордуна кандайдыр бир аялдын атын жазып кетет. Чочуп ойгонгон падыша, кароолун чакырып: Тез барып мечитти карап кел. Анда менин атым жазылып турабы, же башка атпы? — деп кыйкырат. Кароол мечитке келип караса, падышанын аты эле жазылып турат. Падышага келип, анын атынан башка эч нерсе жок экендигин айтып, көңүлүн тынчтандырат. Эртеси түндө падыша дагы кечээки түштү көрөт. Ал вазирин чакырып, түшүн жоруп берүүнү талап кылат. Бирок, уйкусураган вазир эч нерсе айта албайт. Үчүнчү күнү түш дагы кайталанат. Ачууланган падыша кароолдорун чакырып: Мага мына ушундай аттагы аялды таап келгиле — деп буйруйт. Аскерлер шаарды түрө кыдырып жүрүп, андай аттагы бир гана аялды таап келишет. Ал колунда эч нерсеси жок картайган кемпир экен. Падыша кемпирге ачууланып: Сен мечиттин салынуусуна жардам бердиң беле — деп, кыйкырат. Титиреп-калтырап корккон кемпир: Жок, оо, улуу урматтуум. Мындай мечитти салууга жардам бергидей менин колумда эч нерсем жок. Анан да мен сиздин «Мечит салууга эч ким кол кабыш кылбасын» деген буйругуңузду да уккан болчумун — деп жооп берет. Кемпирдин коркуп жатканын байкаган падыша үнүн акырындатып: эгер сен чыныңды айтсаң, мен сага эч кандай жамандык кылбаймын жана сенин каалаганыңды беремин — дейт. Ошондо гана өзүнө келген кемпир мындай дейт: Мен ар дайым Аллахка кайрылып: «Мени да ушундай мечиттин салынуусуна шериктеш кыл деп» дуба кылчумун. Бирок, менин колумда жарты тыйын да болбогондуктан, мен жардам бере албай жүрдүм. Бир күнү мечит жанынан өтүп бара жатып, мечитке жүк ташуу үчүн араба тарткан аттын туйлап жатканын көрдүм. Көрсө ал абдан суусап, бирок кыска байлангандыктан арыктагы сууга жетпей жаткан экен. Мен ары-бери чуркап кичинекей бир идиш таптым да, аны менен аттын суусуна канганча суу алып бердим. Мындан башка эч нерсе кылган эмесмин». Кемпирдин сөзүн уккан падыша башын чайкап: «Сенин бул кичинекей амалың Аллахты ыраазы кылуу үчүн болгондуктан, Аллах аны кабыл кылыптыр, а менин амалым адамдарга мактануу үчүн болгондуктан, Аллах аны кабыл кылбады» — дейт да, вазирин чакырып, мечитке жазылган атын өчүрүп, ордуна кемпирдин атын жаздырууга буйрук берген экен.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE