Пример HTML-страницы

Жалал-Абадда түн ичинде «Мерседести» мас абалда башкарган айдоочу жаш жигиттин өлүмүнө себеп болгон

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад шаарында мас айдоочу жол кырсыкка кабылып, башка унаада бара жаткан жүргүнчүнүн өмүрү кыйылган. Айдоочу камак жазасын алды.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, кылмыш ишке себеп болгон окуя 2021-жылдын 15-майында саат 00:30 чамасында болгон. Айыпталуучу Адил (аты өзгөртүлдү, М.А.А.) «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын Жалал-Абад шаарынын Москва көчөсүндө мас абалында башкарып бара жатып, Москва жана Кыргыз Республикасы көчөлөрүнүн кесилишинде Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылынын тургуну С.Б.Р.нын башкаруусундагы «Дэу Матиз» унаасы менен кагышып, жол кырсыкка кабылган. Анын кесепетинен «Дэу Матиз» унаасынын жүргүнчүсү — Баткен облусунун Раззаков шаарынын 1996-жылы туулган тургуну И.Б.М. алган жараатынан улам окуя болгон жерде көз жумган.

Ошондой эле Адил 2021-жылдын 21-майында Өзгөн шаарынын 1997-жылы туулган тургуну О.Х. углинин ишеничине кирип, 12 000 сомго бааланган жабдыкты (отбойный молоток), 5000 сомдук болгарканы ижарага бир жумага алып, кайтарып бербей, сатып жиберген. Анын кесепетинен 17 000 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Айыпталуучу 2021-жылдын 15-майында аталган тургундан 5000 сомдук мотопила буюмун, 5500 сомдук префораторду бир жумага ижарага алып, сатып жиберген. Анын кесепетинен жабырлануучуга 10 500 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Жалал-Абад шаардык сотунун 2021-жылдын 31-декабрындагы өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 127-беренесинин 1-бөлүгү (этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү) менен күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратылган.

Жазык кодексинин (2019-жылдагы редакция) 297-беренеси (жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу) менен күнөөлүү деп табылып, 2 жыл мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугунан ажыратуу менен 3 жылга эркинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) 204-беренесинин (алдамчылык) 1-бөлүгү (эки эпизод) менен күнөөлүү деп табылып, 2 жылга эркинен ажыратылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесин жетекчиликке алып, жазаларды жарым-жартылай кошуу жолу менен жалпысынан 5 жыл мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган. Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде пробациялык көзөмөл (пробация) колдонуу менен белгиленген жазадан бошотулуп, пробациялык көзөмөл 3 жылдык мөөнөткө белгиленген.

Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 28-сентябрындагы өкүмү менен Жалал-Абад шаардык сотунун 2021-жылдын 31-декабрындагы өкүмүнүн бөлүгү өзгөртүлгөн.

Өкүмдүн корутунду бөлүгүнөн 3 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл белгилөө менен эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотуу жөнүндөгү бөлүктөрү алынып салынган. Айыпталуучу биротоло 4 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсү белгиленген. Айыпталуучудан жабырлануучунун пайдасына 27 500 сом өлчөмүндөгү материалдык зыян өндүрүлгөн.

Өкүмдүн калган бөлүктөрү өзгөртүүсүз калтырылган.

Айыпталуучунун жактоочусу кассациялык даттануу келтирген. Анда апелляциялык инстанциядагы сот өкүм кабыл алууда жазаны оорлотуу үчүн атайын оор жагдай кылып Адил менен О.Х.нын ортосундагы алыш-бериш жарандык маселени кылмыш иш катары кабыл алганын, О.Х. шаардык соттун отурумунда Адилге карата эч кандай доосу жок экендигин билдирип келгенин көрсөткөн. Жактоочу соттук коллегия жабырлануучунун тосмо арыз билдирүүлөрүнө баа бербегенин, кылмыштардын курамдарын иликтеп жатып, сөзсүз түрдө күнөөкөр кандай натыйжага умтулгандыгын аныкташ керектигин, Адилдин кылмыш ишин кароодо анын карамагындагы жашы жете элек балдары бар экендиги, үй-бүлөлүк абалы, карыган апасы жана үй-бүлөдө жалгыз багуучу экендиги эске алынбаганын көрсөткөн. Ал биринчи жана апелляциялык инстанциядагы соттордун соттук актыларын жокко чыгарып, Адилди Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси менен күнөөлүү деп таап, 2 жылга эркиндигинен ажыратып, ага карата 2 жыл пробациялык көзөмөл колдонуу менен эркиндигинен ажыратуу жазасын өтөөдөн бошотуп берүүнү сураган.

Жыйынтыгында Жогорку соттун 2024-жылдын 15-январындагы токтому менен Жалал-Абад облустук сотунун соттук коллегиясынын 2023-жылдын 28-сентябрындагы өкүмү күчүндө калтырылды.

Токтом акыркы, даттанууга жатпайт.

  • Иштин материалдары Жогорку соттун сайтындагы соттук чечимдердин жана актылардын маалыматтар базасында жарыяланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE