Пример HTML-страницы

Салмагы 200 килограммдан ашкан, баасы 5 миң долларга чейин болгон кочкорлор көрсөтүлдү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЫсык-Ата районунда «Арашан» породасындагы кой-кочкорлордун республикалык көргөзмөсү жана жармаңкеси болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар Аслан Маниев менен Жанарбек Төлбашиевдер билдиришти.

Иш-чарага райондун жетекчилиги, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы жана ветеринария кызматынын өкүлдөрү катышты.

Жармаңкеде асыл тукум койлордун баасы 100 миң сомдон башталып, 5000 долларына чейин сатылды.

Анда 4 тиштүү кочкорлор арасында салмак боюнча 1-орунду «Гром» аттуу кочкордун ээси жеңип алды. «Громдун» салмагы 204,5 кг болду. Ээси — Шавкат Тохтиев.

Ушул эле 4 тиш кочкорлор арасында 2-орун «Хан» аттуу кочкорго берилди. Анын Салмагы 170,5 кг болду. Ээси — Закир Сансанза.

Ал эми салмак боюнча абсолюттук мелдеште «Алтай» аттуу кочкор чемпион болду. Алтайдын салмагы 202 кг. Ээси — Шавкат Тохтиев.

————————

Бул порода 1970-2021-жылдары Кыргызстанда чыгарылган. Фермерлер 1977-жылы Тажикстандан гиссар породасындагы кочкорду алып келип, жергиликтүү кылчык жүндүү кой менен аргындаштырышкан. Аргындаштырылгандан кийинки туулган экинчи муундагы козуларын көбөйтүшкөн.

«Арашан» породасындагы койлорду бийик тоолордо жана талааларда багууга ылайыктуу келип, козулары тез чоңоюшат. Көлөмү чоң, куйруктуу келип, 7-8 айлык козуларынын салмагы 48-61 кг, бир жаштагысы 60-78 кг, ал эми чоң койлорунун салмагы 109-177 килограммга чейин жетет. Ошондой эле сөөгү жеңил жана катуу келет. Кочкорлорунун мүйүзү болбойт.

Козуларынын болжолдуу баалары 1000 доллар, ал эми койлору 5000 доллардан жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE