Пример HTML-страницы

Талас районунда окуучулардын апалары таланттарын көрсөтүштү

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushТалас районуна караштуу Атай Огонбаев атындагы орто мектебинин жыйын залында Көк-Кашат айылында жашаган апалардын ортосунда «Көп кырдуу айым-2024» сынагы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чаранын максаты — ата-энелер менен мектеп администрациясынын ортосундагы байланышты жакшыртуу, жергиликтүү бийлик органдары менен кызматташуу, кыз-келиндер үчүн жаңы кызмат көрсөтүүлөрдү ачуу, кесипке багыттоо жана катылып жаткан таланттарын коомго тартуулоо болуп саналат.

Сынакта катышуучулар алты бөлүк боюнча күч сынашып, көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Конкурсанттардын билдирүүсүнө караганда, мындай иш-чаралар байма-бай өтүп турса, айыл жергесиндеги кыз-келиндер үчүн шык-жөндөмүн арттыруу жана кесипке багыттоодо кыйла натыйжа берет.

Жыйынтыгында мыкты делген 3 конкурсантка сулуулук салонунда окуп келүүгө сертификаттар жана кызыктыруучу белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE