Пример HTML-страницы

Токмокто унаа тебелеп кеткен 2 жаштагы бала каза болду

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 30-апрелде Токмок шаарында 2 жаштагы бала унаа алдында калып каза болду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга шаар тургундары билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Гагарин көчөсүндөгү үйдүн жанында болгон. Ал жерде айдоочу аял унаасын артка айдап жатып, 2 жаштагы баланы сүзүп кеткен.

«Дароо эле ооруканага алып кетишти. Бирок барганда эле каза болуп калды. Айдоочу унаанын артында турган бала байкалбай калганын айтты», — деди тургундар.

Токмок шаардык дарыгерлердин жалпы практикалоо борбору, маалыматты тастыктады.

Маркум бала 2022-жылы туулган М.А. экени аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE